Сайкал Садыбакасова "Жалгызым, ай"
04:05
6,53 Мб
Жүктөлгөн: 10-03-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Гүлшайыр Садыбакасованыкы
Обону:Ильяс Кудретовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.57/5
(30 добуш)
Арзуу толгон жүрөгүм акмалап карааныңды,
Сага карай шашылам көрүүгө жамалыңды.
Санаага салбастан, билдирчи кабарыңды,
Асылым, ай, сени самай,
Карагат көздөрүңдү сагындым, ай.
Күттүм далай жолуң карай,
Жалгызым, бир өзүңдү сагындым, ай.

Бир кездерде тагдырым кубантып бакыт сунган,
Жаркылдаган жүзүңдөн ажарың жанып турган.
Экөөбүздүн сүйүүбүз дайрадай агып турган,
Асылым, ай, сени самай,
Карагат көздөрүңдү сагындым, ай.
Күттүм далай жолуң карай,
Жалгызым, бир өзүңдү сагындым, ай.

Асылым, ай, сени самай,
Карагат көздөрүңдү сагындым, ай.
Күттүм далай жолуң карай,
Жалгызым, бир өзүңдү сагындым, ай.

Комментарийлер (40)

10.03.2016. 22:01
 Aijash90
Боп деген жигитине арнаган го ээ же душкагабы
11.03.2016 00:37
bek-rusu
Aijash90, Созун Гулшайыр Садыбакасова жазыптыр , а Саку мыкты ырдап койгон ))))) . Кимге арнап ырдаганын , бир озу билет да , бизге табышмак ...
10.03.2016. 22:21
 dastan_nookat
Сайкал ийгилик каалайм!
10.03.2016. 22:33
 Realtilia
Жакшы чыгыптыр.
10.03.2016. 23:36
 Sheraly00
Сонун чыгарма болуптур. Ийгилик!!! Сайкал сага сунуш катары айтсам, ушундай жакшы чыгармаларды тобтун кыздары менен ырдасаң болмок. Кыз Бурактын жаны курамын элге таанытып.
11.03.2016. 00:34
 saparali96
Сайкал сен жакшы ырдайсын,бирок чыгармачылыктан алыстап кеттинго,жаны ырлардан кутобуз дагы
11.03.2016. 00:44
 CHameleon
Баракелде Сайкал. Мына моону ыр деп айтсан болот. Эн сонун. Журогунду кусалантат го чиркин. Ушул темпте кете бер ийгилик сага.
11.03.2016. 00:56
 aastra__
Мага жакты ыр )
11.03.2016. 01:54
 Mariyana
жакшы ыр ..Сайкал умница. ..чыгармачылык ийгилик!
11.03.2016. 01:56
 Aichoy
Менин тагдырыма байланыштуу ыр экен,угуп журогум эзилди, браво Сайкал! Рахмат!!!
11.03.2016. 02:23
 aiperika
Сайкал эже, вам лучше идет такие душевные песни петь! Побольше бы таких..
11.03.2016. 10:35
 admin_media
Rednalf,
Саламатсызбы! Техникалык катачылык кетти, кайра аракет кылып көрүңүз.
11.03.2016. 11:34
 Bat
Рахмат Супер. Байке деген ырын дагы жуктоп койунуздарчы.
11.03.2016. 15:36
 sabyr86
Сайкал ишиңе ийгилик,жаңы ырларды бат баттан ырдап тур.кыз буракты жөн эле койчу.
11.03.2016. 17:09
 bibiku
Азамат Сайкал!! Ун бар,талант бар башкаларга салыштырмалуу! Ыр соонун!Ишине ийгилик!
11.03.2016. 19:20
 dkanu
Талантту кыз. Жакшы ыр болуптур. Ушуга окшогон таланттар чыга берсин.
12.03.2016. 21:15
 Kurmanjan.93
Мээрим Карыпова деген ырчынын Бешик ырын кай жактан тапсам болот?
13.03.2016. 15:28
 asyl.kyz
Сонун ыр болуптур. Чыгармачылык ийгилик
14.03.2016. 14:44
 admin_media
Alixan-Nookat.2015,
Саламатсызбы! Техникалык катачылык кеткен, түзөтүлдү.
14.03.2016. 15:54
 Aizi92
Кадырыма жетчуулорду /
Мени сыйлап отчуулорду/
Жолуксада мен жанылыпмын....деген ырды табышып коюнуздарчы..Ким ырдаганын билбей жатам
14.03.2016 16:32
GOLOS
Aizi92,
Ак сүйүүмдү сезбегендей,
Зарлап күтсөм келбегендей.
Санаа тартып сагынамын,
Кадырыма жетчүлөрдү.
Мени сыйлап өтчүлөрдү.
Жолуксам да жаңылыпмын,
Жаштык кылып жалыныма.
Жалгыздыктын тагдырына,
Жашоодо мен жаңылыпмын.
http://www.super.kg/media/audio/149791/
14.03.2016. 17:33
 dastan_nookat
Кандай гана керемет ыр!!!
14.03.2016. 17:35
 dastan_nookat
Сиздин ырларыныз жагат да мага!!
16.03.2016. 14:44
 Aizi92
GOLOS чоон рахмат.
16.03.2016. 23:44
 Tumara1992
Админ сураныч Айбек касенов бир кыз менен ырдаган кат жаздым келесинби журокто кусалыкты асылкеч сезесинби деген ырды таап бергилечи
17.03.2016 10:42
admin_media
Tumara1992,
Саламатсызбы!
Айбек Касымов, Жийде Мурат кызы - "Кат жаздым келесиңби?" www.super.kg/media/useraudio/163627/
18.03.2016. 19:48
 Tumara1992
Рахмат чоон админ. Айбек Касымовдун дагы башка ырларын кайдан тапсам болот айтып койгулачы сураныч?
19.03.2016. 14:24
 Роза Шакирова
мыкты ыр болуптур. Сайкал, ырын ийгиликтуу, майлуу суттуу болсун. Унуно береке.
23.03.2016. 13:53
 nur_zhoni
Эн соонун
27.04.2016. 18:29
 kyrgyz.jigit.temirlan
Мен сүйүмго Сайкал эжени
09.05.2016. 22:15
 mezuknata
Мыкты денгээлдеги ыр болуптур.
27.05.2016. 19:00
 bibiku
Соонун ыр экен!! Ушундай ырларды коп ырдачы!!Талантын ташкындай берсин!
07.02.2017. 00:19
 nur_zhoni
Сайкал эже менен бир ырдасам соонун болот эле
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо