03:30
5,61 Мб
Жүктөлгөн: 11-03-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Апиза Конгайтиеваныкы
Обону:Бейшенбек Андабековдуку
Көчүрүү
Жылдан-жылга саамайың буурул тартып,
Жылуу жүздүн бырышы барат артып.
Апакебай, ардагым, теңдеши жок,
Атып турчу ак таңдай, күндө жаркып.
Кайырма:
Апакебай, аппак таңдай,
Атып турчу күндө жаркып.
Апакебай, аппак таңдай,
Атып турчу күндө жаркып.
Сенин барың өмүргө кубат берет,
Сени эстесем көңүлгө кубаныч келет.
Турмушумду бөксөртпөй көптөп турчу,
Сен жашоого көрк берген чынар терек.
Кайырма:
Апакебай, ак шооладай,
Жанып турчу күндө жаркып.
Апакебай, ак шооладай,
Жанып турчу күндө жаркып.
Апакебай, аппак таңдай,
Атып турчу күндө жаркып.
Апакебай, ак шооладай,
Жанып турчу күндө жаркып.
Комментарийлер (25)