Айпери Кулбаева "Картайбачы, апаке"
04:27
6,1 Мб
Жүктөлгөн: 15-03-2016
Жанр: Эстрада
Сөзү:М.Тиллебаевдики
Обону:Г.Айдосованыкы
Көчүрүү
  • Currently 4.75/5
(4 добуш)
Жашартып жаратканым берсе эгер,
Бүт болгон байлыгымдан кечер элем.
Сан жеткис түйшүгүңдү өзүм алсам,
Апаке кадырыңа жетер белем.

Аппак гүл сунам апа, картайбачы
Ак сарай курам сага, картайбачы
Алдыңа алтын төшөп беремин деп,
Чок кармап турам апа, картайбачы...

Мүрөктүн суусу болсо берер элем,
Картайбас болуп апа ичер белең.
Ааламдын алпы болуп жаралсам, да,
Бир жолку азабыңды чечер белем.

Дарысын өлбөстүктүн тапсам эгер,
Жүзүңдү бырыштардан сактар элем,
Дүйнөнү төрт кыдырып көтөрсөм, да,
Апаке ак сүтүңдү актар белем

Бак-дөөлөт жанар кезиң картайбачы
Урман-сый табар кезиң картайбачы
Апаке ак сүтүңдөн айланайын
Ак жоолук салар кезиң картайбачы
Урмат-сый табар кезиң картайбачы

Комментарийлер (19)

15.03.2016. 19:09
 lolo.1
Сооооонун ырдапсыз Айперишка эжешка суперский,создору укмуш. Картайбас болсучо апалар
15.03.2016. 19:41
 Lachokgz
+5
16.03.2016. 09:52
 amanatym
жакшы, бирок обондору бири бирине окшош ырлар.
16.03.2016. 11:36
 Musabaeva
Соонун ыр экен, Апаке картайбачыыы.....
Дарысы олбостуктун тапсам канааа аттин....
16.03.2016. 14:32
 Kgstar96
Эң соонун ыр болуптур мастер классс
16.03.2016. 18:44
 Nur0701
Апалар жонундо сонун чыгарма азаматсыз
16.03.2016. 18:47
 nukesh
Керемет ыр азаматсын Айпери! Москвада аран жургом апакемди сагынып козумдон жаш агып кетти! Апалар бар болгула картайбагыла!!!
19.03.2016. 23:16
 aidai88
Соз жок сонун.Ийгилик Перишка....
22.03.2016. 03:09
 Hyp
"Эне" деген ыйык адам. Апаларыбыздын ден-соолугу чың болуп, өмүрү узун болсун.
Айпери эже ырыңыз өтөө маанилүү, сизге чооң рахмат!Өнөрүңүз өркүндөй берсин Азаматсыз.
22.03.2016. 18:31
 naristem2016
Торот уйундо жатам... Апаларга таазим ...апанын таманынан опсонда аздык кылат экен...
22.03.2016. 18:31
 Nurdan01
Апакелерибиз бизди чонойуп калды деп суйунушкону менен а оздору картайып бара жаттканын сезишпейтт.Баардык апаларга узак омур каалайм.
14.04.2016. 10:10
 jazii
тексти жокбу :(
21.05.2016. 20:40
 tamin
Айпери аябай уну таза таланттуу кыз дагы да оркундой бер ырды журоко жеткире ырдапсын.Аттин ай апаларыбыз картайбас болсочу.....
10.07.2016. 11:13
 Elzida87
Аябай мааниси терен ыр,мумкунчулук болсо текстин жазып койгулачы адми рахмат,ушул ырды ырдасам апам козунон жашы куйулат, омур бойу олбос болуп жаралса экен бактыбызга апалар бар болсун!!
12.12.2016. 00:06
 koozu
Соонун,чыныгы журоктон чыккан создор
28.03.2017. 18:25
 Perii90
Аябай жакты мага ыр Айпери талантына таазим.
24.04.2017. 13:06
 oshmu
Сссссууууупппппеееееррррр
01.07.2019. 22:45
 Gulzina1993
Эх апакем картайбачы
16.07.2019. 22:33
 hello.kg
Ун эмес бекен ээ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо