Кайрат Примбердиев, Добр "Сагынганда (New version)"
03:25
7,81 Мб
Жүктөлгөн: 18-03-2016
Жанр: Рэп (Хип-хоп)
Сөзү:Кайрат Пиримбердиевдики
Обону:Кайрат Пиримбердиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.40/5
(15 добуш)
Сенсиз өткөн күндөрүм мен үчүн жарыгы жок,
Сезилет сен жок болсоң жүрөгүмдүн жарымы жок.
Себебин айтчы жаным жазаладың жазыгы жок,
Калдым го гүлдөй соолуп күн тийбеген азыгы жок.
Сен дагы мени сагындыңбы деги айтчы?
Жаралуу жүрөгүмдүн ачуусун бир жазчы.
Дүйнөдө сени мендей сүйгөн бир адам барбы?
Сен деле мени сүйгөндөй сүйбөйсүң эч бир жанды.
Башталып, аягына жетпей калган кайран сүйүү.
Дале угулат кулагыма сүйөм деген сөздөрүң.
Алыстасың, жаным эстедиңби өткөн күндү?
А мен болсо сенден эч качан үзбөймүн үмүтүмдү.
Кечирчи ардагым, сени кармай албадым.
Ансыз деле ачуу сүйүүнүн азабын тартамын.
Жазчы же чалчы, айтып койчу дарегиңди.
Ишенип мен күтөйүн кайра кайтып келериңди.

Кайырма:
Сен дагы мени сагынганда,
Канатсыз учкуң келеби?
А мен өзүңдү сагынганда,
Жолуңду карай беремин.
Кусалык жүрөгүмө толуп,
Ансайын сүйүп өзүңдү.
Үнүңдү жылажындай тунук,
Эстеймин жылуу сөзүңдү.

Эмнегедир жакшы көргөн гүлдөрүңдү ала берем,
Гүлдөрүм терезеде кургап дайым кала берет.
Экөөбүз жакшы көргөн жерлерге бара берем,
Элесиң эстеп алып ырларымды жаза берем.
Сен болдуң менин түгөнбөгөн ыр булагым жаным.
Кайрылып келсең айтып берем арманымдын баарын.
Жазып же чалып койчу, айтып койчу дарегиңди.
Ишенип мен күтөйүн кайра мага келериңди.

Кайырма:

Сенсиз өткөн күндөрүм мен үчүн жарыгы жок,
Сезилет сен жок болсоң жүрөгүмдүн жарымы жок.
Жазчы же чалчы, айтып койчу дарегиңди.
Ишенип мен күтөйүн кайра кайтып келериңди.

Комментарийлер (15)

19.03.2016. 18:34
 nurgazy.kgz
Азаматсыз Добр байке ишиңизге ийгилик дагы да сонун ырларыңызды күтөмүн.
19.03.2016. 19:58
 nusuretillaKG
Жакшы
19.03.2016. 21:11
 aminali
Сонун,сонун жана Сонун!!!
19.03.2016. 23:51
 dastan_nookat
Мына сага жакшы ырдашкан
20.03.2016. 16:55
 Rasul_Rahmanaliev
+5!!Азаматсынар!
21.03.2016. 06:01
 aikakg
Саламатсынарбы!!!супер инфо силерден сураныч:Себелесе жазгы жамгырлар арасында менин жашым бар,ал анткени аппак суйуумдон ажыратып койду адамдар..ушул ырды ким ырдайт айтып койгулачы сураныч
22.03.2016 11:11
admin_media
aikakg,
Саламатсызбы! Тилекке каршы биз бардык ырлардын тексттерин жаттап кала албайбыз, ошол үчүн кээде таап бере албашыбыз мүмкүн. Ырдын атын же аткаруучусун жазып коюуну сунуштайбыз, рахмат!
21.03.2016. 08:10
 Adi.Avazbekov
Jakshy jakshy jakshyy
21.03.2016. 10:25
 Kgstar96
Укса болот окшойт
22.03.2016. 07:20
 take04
Админ сураныч Нурлан насиптин аралаба ырынын жаны вариантын жуктоп койгулачы
22.03.2016 09:21
admin_media
take04,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/media/audio/164335/Модератор admin_media түзөттү 2016-04-26 14:06:50
26.04.2016. 13:56
 MTu
Кайраттын Жакшы эле кором озунду ырын жуктоп койгулачы. Модератор admin_media түзөттү 2016-04-26 14:09:56
26.04.2016 14:10
admin_media
MTu,
Саламатсызбы! Жакынкы күндөрү порталдан уга аласыз.
27.04.2016. 10:54
 ikm_baha
Кайрат Примбердиев Жакшы эле кором озунду (Ызы чуу кинокомедиясына саундтрэк) жуктоп койунуздарчы
Модератор admin_media түзөттү 2016-04-27 11:32:10
01.01.2017. 17:59
 Kairat.96
Ушул добр бузат да баардык ырды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо