Эмил Балтагулов "Бийигимсиң"
03:18
3,76 Мб
Жүктөлгөн: 21-03-2016

Бул ыр Гүлгүнай Жумабекова менен биргеликте аткарылган
Жанр: Поп
Обону:Эмил Балтагуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.89/5
(9 добуш)
Ар ишке майдаланып киришпеген,
Адамдык сапат менен бийиктеген.
Бүт бардык сапатыңды баалайм дагы,
Бүтүндөй дүйнөм менен сүйүп келем.

Суранам жерге түшүп майдаланба,
Жамандын жаман кебин пайдаланба.
Сабырдуу, жөпжөнөкөй, аруу бойдон,
Сапатың бузулбасын кайда барба.

Кайырма:
Сен менин бийигимсиң, бийигимсиң,
Турмуштун таттуулугу сени менен.
Сен менин жашоодогу тирегимсиң,
Бүтүндөй дүйнөм менен сүйүп келем.

Сен менин көктө ачык асманымсың,
Кудайдан көксөп жүрүп тапканымсың.
Сен менин коюу түндү жарык кылган,
Береке чачып турган ак таңымсың.

Сен мага айдай болуп тийип турчу,
Күлмүңдөп күндөй болуп күлүп турчу.
Сыртыңдан сыр көрсөтүп койсоң мейли,
Ичиңден эркелетип сүйүп турчу.

Кайырма:

Комментарийлер (17)

21.03.2016. 19:35
 realliver
Супер кж, Айтылуу акын Аалы Туткучевдин кок бору жонундо, ат чабыш жонундо жакшы ырлары бар экен. Ошону сураштырып киргизип бергилечи?
22.03.2016 09:55
admin_media
realliver,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
22.03.2016. 01:55
 Ern
Ушуга окшош, элге дем күч бере турган ырлар көп болсо жакшы болмок чынында,ырга +5
22.03.2016. 02:11
 Nurgul76
Эн сонун!!!!
22.03.2016. 10:09
 Kgstar96
Суппер
22.03.2016. 16:15
 Alisher
Maaniluu ukkan sayin kayra ukkun kelgen jaksi ir boluptur iygik...
22.03.2016. 18:21
 admin_media
Jenish_kg1,
Саламатсызбы! Башка браузер менен аракет кылып көрүңүз. Катачылыктар кайталанса купуя кат аркылуу кайрылсаңыз болот.
22.03.2016. 21:49
 aizada15
жакшы ыр экен
23.03.2016. 02:24
 Begali9
70 жылдыз шоласы жарым айча толалбас жети жене биригип бир апача болалбайт деген ырды ким ырдайт
23.03.2016. 14:56
 Nursultan.m.n
Жакшы Ыр
24.03.2016. 03:08
 mukan1992
Саламатсыздарбы?Урматту админ,ырдын тексттин киргизип койосуздарбы сураныч.
24.03.2016. 20:22
 aibek90
айфонго кантип кочурсо болот туугандар
25.03.2016 10:21
admin_media
aibek90,
Саламатсызбы! Айфондон түздөн түз көчүрүү мүмкүн эмес. Ал үчүн сиз iBolt Video программасын өзүңүзгө көчүрүп алып, анын жардамы менен видео көчүрө аласыз.
24.03.2016. 20:38
 89elnura89
Класс соз жок
25.03.2016. 16:13
 Nurjan15
аябай соонун мага жактыы!!
28.03.2016. 23:33
 Nurbubu.kg
500
Азамат
05.06.2016. 09:20
 sapargul
Мааниси терен, жакшы ыр экен. Кантседа профессоналдуу ырчы да Балтагулов.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо