Съездбек Искеналиев "Жубайыма"
03:49
6,13 Мб
Жүктөлгөн: 29-03-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Бек Борбиевдики
Обону:Бек Борбиевдики
Көчүрүү
  • Currently 2.80/5
(5 добуш)
Бул дүйнөм, бул өмүрүм сени менен го,
Ырысым, ырыскым да сени менен го.
Күлкүсү балдарымдын сени менен го,
Бактылуу көз ирмемдер сени менен го.

Кайырма:
Ак сүйүү менен алганым, жубайым сен,
Ак тилек менен убайым тартарым сен.
Ак үйүмдүн күнү, Кудай кошкон айым сен,
Ооруба ылайым, күлүп жүрчү дайым,
Сүйгөнүм, жубайым сен.

Жашаймын күлүп турган көздөрүӊ менен,
Жашаймын сүйөм деген, сөздөрүӊ менен.
Жадабай миӊ ырахмат айтсам да аз го,
Жараткан сүйүү менен өзүңдү берген.

Кайырма:
Ак сүйүү менен алганым, жубайым сен,
Ак тилек менен убайым тартарым сен.
Ак үйүмдүн күнү, Кудай кошкон айым сен,
Ооруба ылайым, күлүп жүрчү дайым,
Сүйгөнүм, жубайым сен.

Күндөрү жаштыгымдын сени менен го,
Жашоонун жакшылыгы сени менен го.
Бактысы балдарымдын сени менен го,
Бул дүйнө, бул өмүрүм сени менен го.

Кайырма:

Комментарийлер (8)

29.03.2016. 19:06
 marmilantka
Сонунгооо
30.03.2016. 11:13
 admin_media
take04,
Саламатсызбы! Башка браузер менен аракет кылып көрдүңузбү? Кандай катачылыктар болуп жатат? Бизге купуя кат менен кененирээк жазып койсоңуз, рахмат!
04.06.2016. 19:00
 eliza1986
Бек Борбиевдин Бийле бийле ырын жаны версия менен ким ырдайт? Жана кантин кайсыл жактан кочуруп алсак болот?
24.10.2016. 17:07
 Adelka
Текстин да жазгылачы!?
02.11.2016. 15:42
 Alymov312
Бек Борбиев
16.01.2017. 21:13
 vivi
Бек Борбиевдин ырлары жокпу?
17.01.2017 10:13
admin_media
vivi,
Саламатсызбы! Аткаруучунун өз суранычы менен порталдан ырлары алынган.
03.03.2018. 21:07
 aiperisha_s
эски ырларды жаныртылганы абдан жагат. дагы эски ырларды жаныртасыныз жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо