Мээрим Карыпова "Бул дүйнө"
04:19
6,91 Мб
Жүктөлгөн: 05-04-2016
Жанр: Эстрада
Сөзү:Нурак Абдракмановдуку
Обону:Нурак Абдракмановдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Жарыкчылык өмүргө кимдер келип-кетпеген,
Жаркыраган ааламга кимдер таазим этпеген.
Тагдыр жолу - татаал жол, бирөөлөргө кепкенен,
А бирөөнүн азап менен арман-муңун чектеген,
Туңгуюкка кептеген.

Жаралганда дүйнөгө жаңжал салып ыйламай,
Ал-кубатка келгиче ата-энени кыйнамай.
Эрезеге жеткенде эл мүдөөсүн сыйлабай,
Жаман адат күтөбүз – көр оокатты жыйнамай,
Кара жанды кыйнамай.

Бул дүйнөнүн байлыгын жалгыз ээлеп алчу бар,
Мансап үчүн эл-журтун курмандыкка чалчу бар.
Адамзаттын ушулар убалына калчулар,
Арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар,
Акыр заман салчулар.

Өткөн өмүр – учкан куш, канаттары дирилдеп,
Гүл жайнаган бакчаңды күлүк мезгил бүлдүрөт.
Жан дил менен барктайлы жаш күндөрдү үлбүрөк,
Тагдырларга бөлүнгөн өмүр канча ким билет,
Жашоо канча ким билет.

Жашоо – деңиз чалкыган, жарашыгы саймадан,
Мүнөт санап өмүрлөр өтүп барат байма-бай.
Биз – кемечи калкыган, турмуш аккан дайрадай,
Орду менен сүзөлү, оң-тетири айдабай,
Бактыбызды байлабай.

Кырчын жаштын кадырын кыярганда билерсиң,
Кызыл өңдүн кадырын кубарганда билерсиң.
Бар байлыктын кадырын чачылганда билерсиң,
Бак-таалайдын кадырын басынганда билерсиң,
Качырганда билерсиң.

Бир берилген бул өмүр бүтпөчүдөй ойлойсуң,
Болбос ишке кор кылып оюнчуктай ойнойсуң.
Шумкар болуп сызасың, жылан болуп сойлойсуң,
Миң бир сырлуу бул өмүргө миң жашасаң тойбойсуң,
Жүз жашасаң тойбойсуң.

Комментарийлер (5)

05.04.2016. 20:18
 Myrzake
Ар уйдо ак сакалдуу кары болсо
Балпайган байбичеси дагы болсо. деген ырды таап бергилечи админ сураныч.
06.04.2016 11:08
admin_media
Myrzake,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
01.01.2017. 20:26
 Kyialkech
Абдан жакшы ыр. Ушул ырдын текстин жазып койсонуздар жакшы болот эле админ.рахмат. кошо ырдаганга.
10.01.2017. 14:09
 Kyialkech
Админ. рахмат!
29.08.2017. 17:36
 jika.jika
Салам. Ушу ырдын минусовкасы барбы рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо