Гүлнур Сатылганова "Бир нуска"
03:37
5,78 Мб
Жүктөлгөн: 15-04-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Кыялбек Урманбетовдуку
Обону:Рамис Алиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(6 добуш)
Мен махабат жарчысы,
Ырлар сезим тамчысы.
Жашоо деген жарык күн,
Караңгы түн жартысы.
Сен изденип талыкпай,
Дүйнө кезип чабыттай.
Кадырыңа жеткенди,
Карма алтын балыктай.

Кайырма:
Кара түндү айдап көңүлдөн,
Жарык күнүң өчпөй өмүрдөн.
Арууланып дайым жан дүйнөм,
Ак сүйүүгө болсун өрүлгө.

Тилек узун, күн кыска,
Тирүүлүктө бир нуска.
Өмүр бекер өтпөсүн,
Өзүңдү тап турмушта.

Кайырма:

Комментарийлер (26)

16.04.2016. 00:23
 mika2018
Ушул ырчы ырдабай эле койсо болмок үнү да жагымсыз же бир жакшы ыры жок.мактана берет го анан мени Роза турады Гүлжигит Сатыбековдун ырлары жаман деп өзү же ыр жазышты билбесе..mika2018 түзөттү 2016-04-16 00:26:17
17.04.2016 11:12
Adi-95_95_95
mika2018, Гулжигитке караганда денгеели бийик Кадыр баркы зор Кыргыз эли сыйлайт эгер билсен Гулнур Сатылганова бул эн жогорку чыгармачылыктагы жопжонокой адам
Комментарийлерди жашыруу
17.04.2016 19:59
mika2018
Adi-95_95_95, ХХХ ХХХ санат ыры өзү эле канча турат 10000 жылда бир жаралуучу ырМодератор admin_media түзөттү 2016-04-18 09:44:26
17.04.2016 18:07
gulmi
mika2018 ХХХ ХХХ Гульнур эженин ырлары ар бир 2чи кыргыздын телефонунда бар,канча ырлары хит болгон.Модератор admin_media түзөттү 2016-04-18 09:45:23
16.04.2016. 01:00
 dkanu
Жакшы ырларды таап ырдайт. Чыгармачылыгын аябай сыйлайм.
16.04.2016. 11:17
 MIRAN
Бой которгону жакпайт а так уну жагат
16.04.2016. 17:09
 aksy.koi-tash
Еч жакпайт ушул ырчынын ырлары анын мени туурады анын ырлары мага жакпайт деп койот
16.04.2016. 17:56
 Ermek010292
Гүлнур эжедей ырчылар көөп болсо экен!!! Жакшы ырдайт эл айта берет алга-алга Эжеке!!!
16.04.2016. 18:24
 Siren.ms
качан ошентип айтыптыр Гулнур эже ошол билдирууну узатып койунузчу сураныч
17.04.2016. 00:09
 Angel92
Гулнур эже кыргыздын примадоннасы.Бул жерде комментарии жазгандар жалан жаштарбыз.Жакпай,уну жагымсыз дебей эле койгула!
Гулнур эжеге сын айтканга совсем жашпыз!
17.04.2016. 16:16
 Alinka-Urmat
Саламатсыздарбы Супер Инфо! Бек Борбиевдин Аяп кой деген ырын жуктоп коёсуздарбы.рахмат!
17.04.2016 18:11
gulmi
Alinka-Urmat,мен кунуно 20-30 жолу угуп жаткан ыр,Бек байкенин ырлары кайрадан хит болууда.
17.04.2016. 20:27
 miss.aselya
өзү адам баласына эч нерсе жакбайт
жакса да көрө албайт
ар бир ырчыга ушул сын пикир айтылат экен
ушул ырчы ырдабай эле койсо болмок, же клип тартып акча коротбой эле койсо болмок деп,
аны бүт ырчынын сөзсүз бир ырынын коментарийинен окуйсуң экен.
адам баласына сындатып эле койсо ааааа.....
воще түшүнүксүз
өздөрү андай боло албайт болгон адамды көрө алба
17.04.2016. 23:53
 Alinka-Urmat
Бек Борбиевдин Аяп кой деген ырын кайдан тапсам болот?
25.04.2016 02:13
Juke.kg89
Alinka-Urmat,Бектин ырын бул сайттан таппайсың канча сурансаң да
18.04.2016. 08:54
 MekaLuna
ийгилик гана болсун
18.04.2016. 09:47
 admin_media
gulmi, gulmi, mika2018,
Баарыңарга эскертүү! Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
18.04.2016. 14:07
 Nur0701
ГУЛНУР эже сонун эле ырдайт азаматсыз
19.04.2016. 10:58
 Nur0701
Текстин жазып коёсуздарбы сураныч
19.04.2016. 13:13
 Jumabek122
Урматтуу админ Мирбек Атабековдун 10жылдык концертте ырдаган " Суранамын кечир мени "ырынын жаныча версиясын киргизип коесуздарбы , минусу менен.
19.04.2016. 13:34
 Jumabek122
Урматту админ Мирбек Атабековдун 10жыл сахнада live show концертинин толук видео версиясын жуктоп коесуздарбы.
19.04.2016 14:56
admin_media
Jumabek122,
Саламатсызбы! Сунушуңуз эске алынат, рахмат!
19.04.2016. 19:12
 esimdesin
супер инфо саламатсыңарбы чиркин өмүр сериалында Венера Сатылганова менен Алтынбек Максүтов кезиккен эпизоддогу ырды таппай жатам мумкун болсо маалымат берип койгулачы сураныч
20.04.2016 09:40
admin_media
esimdesin,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
20.04.2016. 11:21
 civic93
Г.Сатылганованын таланттын балайм унунузго береке
20.04.2016. 21:08
 adi.sumi
25 -мартта ноокатка К.Урманбетов акын келген атайын маданий иш чаралар м.н. Эн сонун, эн маанилуу ырларын окуду. Аягында Г.Сатылганова аткарып жургон Ак санаат обонду ырын ырдады. Гулнур эже эн жакшы ырдайт. Чыныгы талант. Ал эми негативдуу комент жазгандар баалай билуу, баам сезуу даражасына жетелек адамдар менимче...
22.04.2016. 19:05
 Dalil
Эшек жана булбул тамсилиндеги эшектин булбулга короздон сабак алсан боло деп акыл уйротконундой эле болуп калыптыр кээ бир коментарий жазгандар. Гульнур эжеге тен келчуу ырчыларыбыз аз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо