Айчүрөк Иманалиева, Адилет Азимов "Роза гүлү (New version)"
04:14
3,87 Мб
Жүктөлгөн: 20-04-2016
Жанр: Поп
Сөзү:А.Жакшылыковдуку
Обону:Т.Асанакуновдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Гүлзар жайнап, таң сүргөндө ачылып,
Жыпар жыты гүлдүн чачылып.
Турган өңдүү мага азыр сезилип,
Махабаттын сыры катылып.

Кайырма:
Роза гүлү, тартып мени өзүңө,
Айперидей көрүнөсүң көзүмө.
Сүйүп калдым, сүйүп калдым деп айтсам,
Роза гүлү, ишен айткан сөзүмө.

Улам сага сагынычым артылып,
Жан дилимден жакын тартылып.
Роза гүлү, кеткенимди түшүндүм,
Махабатты сенде калтырып.

Кайырма:

Жаштыгымды жалгыз сага арнайын,
Тагдырымды издеп талбайын.
Таң аттырып сени сүйгөн жүрөккө,
Тагдырымдын колун кармайын.

Кайырма:

Комментарийлер (3)

20.04.2016. 15:07
 rianair
Мен сизге гана ашыкмын жана жүрөгүм ооруйт дебениз деген ырларды да жүктөп койгулачы сураныч.
21.04.2016 11:15
admin_media
rianair, саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
07.12.2016. 10:58
 Sayragul
Айчуроктун алгачкы ырларынын бири. Укмуш ырдаган. Айчурок таланттуу, сулуу, жакшы апа. Бардык жагынан бар татына аял.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо