Мээрим Карыпова "Унутпаймын"
03:21
7,66 Мб
Жүктөлгөн: 26-04-2016
Жанр: Эстрада
Сөзү:Сооронбай Жусуев
Обону:Бабравшан Тургунбаев
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Гүлдөр жайнап аңкып турса ыргалып,
Көңүл эргип эчен күлдүк, ырдадык.
Биз эч качан айрылбайбыз дечү элек,
Кумар канбай, жал-жал карап, жылмайып.

Ал кез кетти койбой тынч алып,
Көңүлдөргө кайгы-муң чалып.
Жаным, сен жок, эл көп болсо да,
Жалгызсырап жүрөм сумсайып.

Бак жашарган, бак жасанган күндөрдө,
Бажырайып жылдыз толгон түндөрдө.
Биз эч качан кайгырбайбыз дечү элек,
Кол кармашып бирге ойноп жүргөндө.

А биз анда оттой жаныппыз,
Биз тагдырды такыр таныппыз.
Жанашарга айла таппадым,
Жакын жүргөн менен, алыспыз.

Эркелетип сени тоонун кушундай,
Жүрө албадым сени колдон учурбай.
Тагдыр деген татаал экен, кантейин?
Турмуш деген татаал экен ушундай.

Унутпаймын эсим барында,
Жүрөгүмдө сезим барында.
Сен таарынсаң таарын тагдырга,
Бирок, жаным, мага таарынба.

Комментарийлер (3)

26.04.2016. 17:27
 Janybaev98
Назира Кадыевадай эчким ырдай албаптыр ушул ырды
27.04.2016. 17:56
 kyrgyz.jigit.temirlan
Эжебизге ийгилик супер
29.04.2016. 04:05
 dobrajelatel
Олбос очпос ыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо