Ильяз Абдыразаков "Коштошуу"
04:01
4,58 Мб
Жүктөлгөн: 27-04-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Жаңылай Кекееваныкы
Обону:Ильяз Абдыразаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.35/5
(40 добуш)
Жаныңда турамын сөзүмдү айта албай,
Жалгандарды курамын сени мен аяй.
Жалгыздык аралында калсам мейли мен,
Көзүмдөн аккан жаштын себебин билем.
Жараланган куштай,
Жалгызмын мен учпай,
Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай.

Кайырма:
Өзүңдү кармабайын мен,
Бактыңды байлабайын мен,
Өткөнгө кайрылбастан уча бер...
Жылмаям, жашыбаймын мен,
Жакшынын баары сен элең,
Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден.

Акылдан адашкандай издейм жолумду,
Аргасыз сен башкага бердиң колуңду.
Ойлорум туңгуюкка камады мени,
Алыстап бизден кетти арзуу кемеси.
Жараланган куштай,
Жалгызмын мен учпай,
Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай.

Кайырма:
Өзүңдү кармабайын мен,
Бактыңды байлабайын мен,
Өткөнгө кайрылбастан уча бер...
Жылмаям, жашыбаймын мен,
Жакшынын баары сен элең,
Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден.

Комментарийлер (50)

27.04.2016. 21:36
 Zair_Alimov
jazgan akyn dagy yrdagan ilyaz brat dagy molodsy☝
27.04.2016. 23:53
 zhanuzak
Тажаттынар, жакпаса укпайле койгула, создорунон мн Ильяз братандын шагын сындырып жатасынар,
28.04.2016. 01:04
 Jamilya11
Соонун ырларды жаратабер ийгилик
28.04.2016. 01:32
 Talant.K
Жакшы ыр болуптур дагы жаны ырларды кутобузго.
28.04.2016. 03:01
 karona
Озгочо ыр болуптур
28.04.2016. 08:56
 Alinka-Urmat
Коштошуу болгон сон бир мундуу ырдап коштошсо болмок)))
28.04.2016. 10:12
 kanat4ik
Жакшы чыгыптыр. Ийгилик
28.04.2016. 10:23
 Maks_shop
соз жок
28.04.2016. 11:57
 maks94.kb
Жакшыго
28.04.2016. 14:49
 dastan_nookat
Хит хит болсун!
28.04.2016. 21:46
 Leti
Молодцы Жакуся сен жазган ырлар хит болсун☞✔♬
29.04.2016 09:31
Jakusya
Leti,
Чоооң рахмат! :* )))))
29.04.2016. 04:00
 dobrajelatel
Мындан да жакшы ыр куткон элем. Обону начарыраак болуп калыптыр.
29.04.2016. 10:04
 batsam
Эмнегедир бойдок кезиндегидей чыгына албай жатасын. Эптеп репертуар толтуруш учун эмес сапат учун изденсен жакшы ырлар чыгаарына ишенем. Арманым, Сагынам, Табышмагым, Лейли жана Азап сыяктуу ырларды жарата алышына чын журоктон тилектешмин... Ийгилик.....
29.04.2016. 18:45
 Aliya2015
Чооң рахмат!!! Ушул ырын таппай жүрдүм эле. Ильяздын ушул ыры аябай жакты, сонун чыккан
29.04.2016. 20:33
 alyke.9696
Жакшы жакшы
29.04.2016. 21:30
 alyke.9696
Эльзар Сыдыковдун ырлары эмнеге жок?
03.05.2016 09:54
admin_media
alyke.9696,
Саламатсызбы!
http://www.super.kg/media/?search_term=Элзар+Сыдыков&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
29.04.2016. 21:44
 Lachokgz
Класс
30.04.2016. 11:16
 joysin777
гитара менен того турган ырго Ильяз азаматсын
30.04.2016. 22:37
 Akylbek.Atambekov
Жакшы ыр болуптур дагыда жарата берин жакшы ырлардан
02.05.2016. 03:07
 Juke.kg89
Бат баттан ыр чыгарып жакшы эмгектенип жатасын молодес!бир сунушум да бар жакшы курч мужик акындардын ырына да обон жазып көрсөң зынк кылып ошондо көрөбүз элдин кабыл алуусун хит ырынды.Мен акын эмесмин бирок ачык эле айтайын.
03.05.2016. 15:58
 kyrgyzstan_00
Ильяз сүйүү темасынан алыстап башка темада да жазып көрсөң кантет?
04.05.2016. 15:15
 merinargiz
Ушул ырды эч тажабай угуп журом ээн сонун ыр болуптур,мен учун жазылгандай,кечээ куну тынбай 2саат угуп ыйлап бугумду да чыгарып алдым.Азаматсыз Ильяз байке унунуз очпосун
06.05.2016. 20:46
 joomart90
ильяз №1 ырчы оркундой бер ар ким ар нерсе дей берет
12.05.2016. 18:03
 beka666
+55 ийгилик клип тартылса сонун болмок дагыда мыкты ырларды кутобуз
20.05.2016. 23:32
 kubanych92
Базар жок
25.05.2016. 13:35
 Miydinova.guli
Ии соонун экен. Ийгилик Ильяз байке
12.06.2016. 20:40
 Bubuaisha
Ильяз сен калп эле ырдап койсон да унун кулакка жага берет. Бирок эми статусуна жараша бала, уй-було тууралуу ырдасан мурдакыдай элди жарсан керек
26.11.2016. 09:55
 kilim
Жакшы
09.03.2017. 21:15
 kozuwka
как всегда зынк
31.07.2017. 18:42
 syimyk-akbulak-2000
Akinay meni kyinap jiberdingoo e
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо