Аско, Чолпонай "Чыгыш жомогу"
03:11
5,08 Мб
Жүктөлгөн: 11-05-2016
Жанр: Рэп (Хип-хоп)
Сөзү:Бегиштики
Обону:Аман Бержибаевдики
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(4 добуш)
Келчи досум чыгыш бий сен бийлегин,
Бирге бийлеп кайгыны сен билбегин.
Эгер тоскоол болсо нота тийбегин,
Бул чыгарма сууруп чыгат жыланды да ийиндеги.
Мейли чечилсин жылуу кийимдериң,
Ачык болсун кооз денең жана ийиндериң.
Кыймылдагын бат, калтырбастан издериң,
Учсун бийик ала кийим биздеги.

Ар дайым ырдайлы чыгыш ырларын, түбөлүккө,
Кош келгин биздин чыгыш жомокко!

Жомок дүйнөсүнө биз менен чөмүл,
Бизде күлкү толо жана анын жок өлчөмү.
Шаңга бөлөйт бул майрамды ханыша,
Келгилечи бул жомокко көчөлү.
Балдар бийлеп айланат,
Кооз бизде айлана.
Аттап кирип босогону,
Көп кишилер байланат.
Мейли жарык өчөбү,
Таппай калып көчөнү.
Биздин үйгө кирип сен,
Көрүп кет өзгөчөлүү.

Ар дайым ырдайлы чыгыш ырларын, түбөлүккө.

Сурайт элдер даректерди,
“Жомок дүйнө бар экенби?”, -деп.
Көтөргүлө каректерди, издеп бизге жет.
Билбегендер сурап калат “орун тар экенби?”, -деп,
“Жолу бар экенби?”, -деп.
Сурайт элдер даректерди,
“Жомок дүйнө бар экенби?”, -деп.
Көтөргүлө каректерди, издеп бизге жет.
Билбегендер сурап калат “орун бар экенби?”, -деп,
“Жолу бар экенби?”, -деп.

Биздин эл ынтымакта, өмүрдүн балын татышат,
Эгерде сен маанайың жок жалгыз калсаң.
Кош келгин биздин чыгыш жомокко!

Комментарийлер (3)

11.05.2016. 17:53
 Nur0701
Жакшы
24.07.2016. 20:05
 jamakeev2015
Эн соонун айрыкча чолпонай ачып койду
15.12.2016. 18:33
 ulanbek2000
Соз жок. Супер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо