Айжамал Кабылова "Турмуш сабагы"
03:30
6,4 Мб
Жүктөлгөн: 13-05-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Нуркан Койчуманованыкы
Обону:Алишер Мамадалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(45 добуш)
Бул турмушта кайгырсам да чөкпөдүм,
Ийгиликке жеткенде да көппөдүм.
Жабыркадым, азап тарттым сүйүүдөн,
Ошондо да көз жашымды төкпөдүм.

Кээ бирөөлөр менде өчү барчылап,
Майда сүйлөп жан дүйнөмдү жанчылап.
Көрө албастар тузак жайып жолума,
Чыйралтышты, кайра мени камчылап.

Кайырма:
Суук сөзгө көңүлүмдү оорутпа,
Жаман көзгө карегимди соолутпа.
Оо, Жараткан, өзүң берген энчиң бул,
Өнөр жолдо жан дүйнөмдү толукта.

Ушак сөздөр сөөгүмө жеткенде,
Ыза болуп, жаш экенмин, ыйлагам.
Кыйын кезде достор чанып кеткенде,
Ошондо да жамандыкка кыйбагам.

Тагдыр экен, сыноо салды башыма,
Жаш экенмин, баарын чыдап көтөрдүм.
Дагы канча сыноо барын ким билет?
Бышып калдым кыйналбастан өтөмүн.

Кайырма:

Комментарийлер (97)

16.05.2016. 17:27
 Djandarbek
соонун чыгарма.аркасынан ээрчиген жаман создорго ыры менен жооп кылыптыр да.ийгилик каалайм
16.05.2016. 17:44
 cheber
Мааниси жакшы ыр экен
16.05.2016. 21:57
 Begish1994.01.31
Сонун
16.05.2016. 22:58
 Nurdan01
Бар болунуз биз сизди колдойбуз
17.05.2016. 03:19
 Kamalova16
Айжамал эжооу,азаматсыз,мыктысыз
Мен кичинемден сиздин ырларынызды угуп чонойдум дагы да уккандан эч качан тажабаймын)))сизге узун омур,ийгилик Жана сабыр каалайм уулунуздун урматын кызыныздын кызматын корунуз
17.05.2016. 03:37
 Keremet008
Чокпонуз Айжамал эже сиз эл мененсиз. Балдарыныздын омурун тилен ошо уулунуз кызыныз жолдошунуздан корбогон кунду ошолордон корос буйруса.
17.05.2016. 09:00
 ere
Эн сонун жазылыптыр тексти Айжамал атайын жаздырганбы. Кучтуу акын эжелерибиз бар экенго супер!
17.05.2016. 09:50
 batsam
Азыркы учурундагы окуяларына дал келген ыр экен. Маанисине соз жок ийгилик каалайм. Сахнага кайтып келишин менен куттуктайм. Супер, Супер жана Супер.
17.05.2016. 14:00
 Book
Азамат,бирок жанакыл с т юлдуздун ырларына окшоп калыптыр...
17.05.2016. 19:12
 89elnura89
Да ажырашуу чон таасир бериптир
18.05.2016 11:34
kobra86
89elnura89,Ошо эчким ажырашпасын ажырашуу болбосун!
17.05.2016. 20:57
 venka8484
озуле жонундо ырдаваган ыры эми калды эле!!!
18.05.2016. 09:28
 barak
Бек Борбиев жок го ырчылардын тизмесинде Жаштык ай,Уй буломо ырынын шилтемесин берип койгулачы.
18.05.2016 15:21
admin_media
barak,
Саламатсызбы! Аткаруучунун өз суранычы менен порталдан ырлары алынган.
18.05.2016. 12:01
 toroeva9893
Классно просто супер го
18.05.2016. 14:48
 Oi_pikir
Ушуну ыр десе болот! Ырдын тексти терең маанилүү, аткаруу, обон, аранжировка... Айжамал, ырда. Ырдап жүрүп жеңип кетесиң, турмуштагы кыйынчылыкты. Бул убактылуу гана. Жеңил-желпи эмес, эл ушинтип уга турган, жан дүйнөсүн дарылай турган ырларды ырда. Сага жакшылык каалайм.
18.05.2016. 18:13
 Nur.88
Мага да жакты эн сонун! Ийгилик дагы да соонун ырларды кутобуз.
18.05.2016. 23:45
 aman94el
абдан сонун чыгарма унунуз очпосун!!!!!!
21.05.2016. 22:19
 Nakush
Айжамал эже мен сиздин ырынызды дайыма угуп келем.Бул ырыныз аябай сонун чыгыптыр.Ушак созго конул бурбан сизге сабыр!рахмат ырынызга
22.05.2016. 22:25
 EkaMika
★★★★★
24.05.2016. 13:30
 samidinova84
Мен каалайм ийгилик сизге! Азамат окунот, бирок кеч болот.
31.05.2016. 10:37
 zeinura
Эн сонун создору да курч таамай айтылыптыр, менинда башыман откон (бирок мен уй було кура элекин) ушак создор, достор сыяктуу.
15.06.2016. 07:39
 Siren.ms
Бул обонду кайдан уктум эле дер ойлоно берип акыры таптым корейский кинодон алынган турбайбы.
28.06.2016. 05:44
 street
Абдан сонун чыгарма,талантынызга таазим!!!
28.06.2016. 05:45
 street
Абдан сонун чыгарма,талантынызга таазим!!!
29.06.2016. 20:57
 karona
Сонун ыр болуптур, алга!
30.07.2016. 00:49
 Begimjan
супер,Айжамал эже сизге бактылуулук каалайм
03.08.2016. 11:07
 Адам
Түркчө Candan Erçetin - Elbette деп издеп угуп көрсөңөр, обондору окшошуп кетет экен. Сөздөрү деле маанилеш. Татаал тагдырдан кийин үмүт үзбөй, жакшы жашоого умтул дегендей...Адам түзөттү 2016-08-03 11:11:12
26.08.2016. 16:59
 tolobekova1994
бактылуу болунуз эже
26.08.2016. 17:00
 tolobekova1994
клип жакшы болуптур
12.11.2016. 20:22
 nazar.kg
барда кооппой, жокто чокпой.
журолучу туугандар
01.08.2019. 14:38
 Aigerim04
Ушул ырды канча уксам да жадабайм
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо