Самара Каримова "Классташым"
03:59
4,55 Мб
Жүктөлгөн: 25-05-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Назира Алимжанованыкы
Обону:Назира Алимжанованыкы
Көчүрүү
  • Currently 4.18/5
(11 добуш)
Балалыгымда шок кыз элем,
Апамдын сөзүн укпайт элем.
Балдарды, кыздарды коркутуп,
Классыбыздын көзүрү элем.
Ойноп-күлүп ал күндөр өттү,
Дарактар саргайып күз өттү.
Ошондогу эң биринчи кат,
Жүрөгүмдө сүйүү ойготту.

Кайырма:
Классташым, классташым,
Кайдасың, менин классташым?
Жандашым, жандашым,
Классташым, классташым,
Кайдасың, менин классташым?

Класстын эшиги чоң ачылып,
Кирип келди жаңы классташым.
Кар жылтырап кирпиктеринен,
Эсимде калды көз карашың.
Жылдар өттү, өттү балалык,
Сүйүүбүздү сактай албадык.
Бирок жааганда биринчи кар,
Классташымдан мен күтөм кабар.

Кайырма:

Комментарийлер (55)

25.05.2016. 23:45
 AMAN.ART
эн сооонун ыр Самара эже чыгыармачылык ийгилик соонунн суууупер
25.05.2016. 23:48
 AMAN.ART
кайсы чыгырманы ырдасада майын чыгара ырдаса болдуда ушу кыргыздар бир бирибизди коро албай журуп ушул акыбалга келдик болду жетишет коралбастыкты токтотолу
26.05.2016. 00:05
 Aidai5555
Кээ бир колдонуучуларга түшүнбөйм, "өзүңдүн ырың жок", "ар кимдин ырын ырдайсың" ж.б. дешет. Самара ырчы да, ошон үчүн ага болот, жаккан ырын жаңылап ырдаса, бирок бузбай. Ал эми өзүнүн ырын чыгарыш үчүн обончу болуш керек, обончулук оңой эмес да, даремет болуш керек го.
26.05.2016. 01:12
 Ern
Он жыл бою окудук бирге, Жети жаштан окшоп эгизге. Классташтар салкын коштоштук, Онунчуну бутоор мезгилде. Классташтар салкын коштоштук, Онунчуну бутоор мезгилде. Аай классташтарым, Сагын ырларым. Сапарынар байсалдуу болсун, Мен суйгон классташтарым. Кээде озум жалгыз олтуруп, Ырлар жазам кагаз толтуруп. Выпускадан коруп силерди, Ыйлайм-ыйлайм журок толтуруп. Аай классташтарым, Сагын ырларым. Сапарынар байсалдуу болсун, Мен суйгон классташтарым.


ушул ырдын MP3 вариантын ким
26.05.2016. 01:13
 Ern
билгендер болсо жооп берип койгулачы сураныч? супер инфо жардам бергилечи аябай керек болуп атат (((
26.05.2016 09:57
admin_media
Ern,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
26.05.2016. 01:27
 mirlan15
Айткылачы? Биз озу кандай калкпыз? Мактап жылуу соз айтуу деген барбы! Казактарды карагылачы кандай калк , аларда мындай ырчы болсо барктап котормолойт, колдойт , а бизчи ? Айтайынбы эмнеге онукпойбуз себеби чыныгы таланттууларды ,озуп чыгып келе жаткан ырчыларды болобу же башка оз ишин так билген инсандар болобу айтор колдогондун ордуна ичи тардык кылып аны айлана чойродогу эле адамдар шагын сындырып элге бурмалап жаман атты кылып анан тынып калышат!Модератор admin_media түзөттү 2016-05-26 09:54:38
26.05.2016. 09:46
 mirlan15
Мээнет кылбай даяр ырды ырдап эле элге таанымал болуп кетти деген ушул сыяктуу пикир жазгандар булар точно оздору ыр жазып тилеке каршы ал ырлары хит болбой калган ырчылар.Чыгармачыл инсан болгон сон, элге жаккан ырларды жеткире ырдаса болду да эн негизгиси туурабы, именно шарт эмес озунун ыры болуусу керек деген.коменттерди окуп жанын кейип кетет , качан онолобуз экен деп.
26.05.2016. 09:58
 timur01
Emne uchun jakshyy yrdy buzdun sende un jok talant jok go bilem yrdabai ele koichu men emes eldin sozun aittym chyn soz achuu bolot echkim dele syilabait eken
26.05.2016. 10:08
 timur01
Eski yrdy yrdaganda oilonup koburook emgek kylysh kereek bul yrdy en mykty yrdap koiushkan go uje bul emne buzulgan daa bul buzulgaan eeei
26.05.2016. 11:22
 Rednalf
Самара Каримованы кээ бироо таанып билбей эле кас тутуп алышкан.
26.05.2016. 11:42
 Jiznmalina
Админ саламатсыздарбы К. Алибекованын аткаруусундагы ушул ырды жуктоп коесуздарбы же шилтеме.
26.05.2016 15:57
http
Jiznmalina, http://www.super.kg/media/audio/74223/
26.05.2016. 14:44
 Asyl19.09.90
Ай айланайындар ыр деп эле ырдай бериш керекпи ундун темпине караш керекда мага жакты дегендерге эмнеси жакты Самара ырдайт жакшы бирок бул ырда аябай эле уну начар болуп калыпты
26.05.2016. 15:20
 Rasul_Rahmanaliev
жакшы,ийгилик.Жакшы ырдалыптыр.
26.05.2016. 18:14
 Ankel
Азаматсың, аябай сонун ырдапсың.
26.05.2016. 18:21
 Stervashka
Чын эле жаны ырларды чыгарып ырдасан жакшы болмок, Самара.
27.05.2016. 01:05
 stimyl.kg
Жакты азамат эн сонун деп жан тарткандар алар жердештери туугандары. Чындык ар дайым катуу тийет эгер элге жакпаса эмне учун мактап силер тараптуу болушубуз керек кызыксынар? Эмне даяр ырды ырдап койсо эле атагы чыкан ырчы кылып медал тагуу керпкпи? Озун ырчы сезсе изденсин аракетенсин тапсын жаны ырларды жаратсын ,бироонун чайнап койгон ашын жеген адамдай болбой. Текебаев туура айткан куйоосу экоонун тен беттери жок женил тамакты коздогондор.
27.05.2016. 02:02
 maysakbek
Админ эмнеге мен ыр жоктой албай жатам
27.05.2016 09:39
admin_media
maysakbek,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=46007 ушул шилтеме менен кирип жүктөө жолун билип алсаңыз болот.
27.05.2016. 19:29
 lolo.1
Админ саламатсыздарбы?мен гул терип гул терип келем сага деген ырды ким ырдайт эле
01.06.2016 14:25
admin_media
lolo.1,
Алмаз Темирбеков - "Алло, жаным, алло" www.super.kg/media/useraudio/97303/
27.05.2016. 20:03
 Adyl84kg
Клара Алибекова сонун ырдаган!Турмуш жолунан адашпаганда азыр эмгек синирген артист болмок эле.
27.05.2016. 22:14
 chynara2016
Ар ким оз денгээлине жараша ой кошоот дечу беле?
Эмнеси болсода талант ийгилик каалаймын!
30.05.2016. 22:00
 aizbek
супер инфо ай булдуркон деген ырды тапканга жардам берип койгулачы ким ырдайт
31.05.2016 09:42
admin_media
aizbek,
Саламатсызбы! Тилекке каршы биз бардык ырлардын тексттерин жаттап кала албайбыз, ошол үчүн кээде таап бере албашыбыз мүмкүн. Ырдын атын же аткаруучусун жазып коюуну сунуштайбыз.
30.05.2016. 23:00
 Oolokon
Самара Рыспайдын ырларына асылып бутуп, эми башкаларга отуптурда. Уят, уят...
03.06.2016. 02:18
 kuka.1515
Супер инфо Райхан Абдувалиеванын Периштем деген ырдын минусун кайдан алса болот
03.06.2016 09:18
admin_media
kuka.1515,
Cаламатсызбы! Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз. Шилтеме аркылуу кирип минус жүктөп жаткан колдонуучуларга купуя кат менен кайрылып көрүңүз http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11
03.06.2016. 10:42
 jamakeev2015
Админ Кишимжан Жанышалиеванын Суйуу жазы деген ырын жуктоп койосуздарбы
03.06.2016 19:07
admin_media
jamakeev2015,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
03.06.2016. 12:36
 gulmi
Самара Каримова Кыргыз Республикасынын гимнин гана ырдай элек,башканын бааарын ырдады го,чиркин
05.06.2016. 12:46
 Nur0701
Тым эле койбоптур
14.06.2016. 18:12
 zoichka
Мага таптакыр жакпайт бул ырчы
22.06.2016. 00:08
 KAKISH
Самара синдиме караганда Клара,анан Чолпонай жакшы ырдашкан.Уну бул ырга такыр келбептир.
Ото начар!
11.10.2016. 13:27
 mishonia8077
Бул ыр Клара Алибековадан башкага жарашпайт экен.
24.10.2016. 17:59
 Akinay
Админ Самара Каримованын аткаруусунда "Аман жар" ырын жуктоп койунуздарчы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо