Мээрим Карыпова "Келесиңби?"
03:25
7,82 Мб
Жүктөлгөн: 30-05-2016
Жанр: Эстрада
Сөзү:Ш.Садыбакасовдуку
Обону:М.Рыскулбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 0.00/5
(0 добуш)
Ай чыкканда балбылдап,
Айды көрсөм сени көрүп,
Тиктей берем жалдырап.
Айдан табам элесиңди,
Айдан түшүп келесиңби?
Келесиңби, келесиңби, жан эркем?

Суу жээгинде кылчактап,
Сууну көрсөм сени көрүп,
Тиктей берем кылчактап.
Суудан табам элесиңди,
Суудан чыгып келесиңби?
Келесиңби, келесиңби, жан эркем?

Жылдыз болуп койнума,
Күлүп келчи, эркелечи,
Колун коюп мойнума.
Жүрөк какшайт, не кылайын?
Кара көзүм, кагылайын,
Ананайын жан эркем.
Ананайын, ананайын жан эркем.

Ай чыкканда балбылдап,
Айды көрсөм сени көрүп,
Тиктей берем жалдырап.
Айдан табам элесиңди,
Айдан түшүп келесиңби?
Келесиңби, келесиңби, жан эркем?
Келесиңби деги сен?

Комментарийлер (2)

31.05.2016. 13:25
 oilonchu92
мээрим карыпованын ырлары абдан жагат....коп коп жуктоп турсаныздар...мен ыраазы болот элем...
30.08.2016. 17:46
 malsirun
Текстин жазып коесуздарбы сураныч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо