Мирбек Атабеков, Турдакун Ниязалиев "Айтыңыз маарек болсун!"
03:29
5,56 Мб
Жүктөлгөн: 06-06-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Жеңишбек Жумакадырдыкы
Обону:Турдакун Ниязалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.20/5
(10 добуш)
Жаратканга жакын экен,
Айт майрамы асыл экен.
Курман чалсаң кутуласың,
Балээлерден башың эсен.

Жаратканды унуткандын,
Жан дүйнөсү жакыр экен.
Кулдугу бар, сыймыгы бар,
Кыргыз эли баатыр экен.

Кайырма
Айтыңыз маарек,
Айтыңыз маарек,
Куттуу болсун майрамыңыз!

Ала-Тоосу бийик болуп,
Көкүрөккө үмүт толуп.
Маарек болсун айтыңар деп,
Ак батасы тунук болуп.

Улуулары урмат кылса,
Кичүүлөрү сылык болуп.
Кылымдардан келе жатабыз,
Кыргыз деген улут болуп.

Кайырма
Айтыңыз маарек,
Айтыңыз маарек,
Куттуу болсун майрамыңыз!

Комментарийлер (28)

06.06.2016. 14:55
 altynai.almazova
Мага жакты абдан!
06.06.2016. 15:08
 Alisher
Soonun eken ir eken,jan duynonu oygotkon.Allah irazi bolsun!
06.06.2016. 16:04
 meder.aralbekov
базар жок болуптур ийгилик!!!
06.06.2016. 16:10
 Nur0701
Азаматсыңар . Айтыңар маарек болсун!
06.06.2016. 16:40
 dastan_nookat
Чындыгында жакшы ырдашыптыр
06.06.2016. 17:40
 kumchik
Аллах ыраазы болсун сиздерге,эн мыкты чыгарма болуптур , кирип келген Ыйык Рамазан айыныздар кут болсун!!!
06.06.2016. 23:46
 Baktyluumun_Allah
Соонун ыр экен
07.06.2016. 01:07
 mirlan15
Эн жакшы, азаматтар!
07.06.2016. 10:45
 evidens
Эн сонун
07.06.2016. 13:55
 argen_zairov
супер ыр экен)))
07.06.2016. 15:02
 Tynarbek.kg94
Жакшы сонун
07.06.2016. 16:43
 Nurjan15
Жакшы чыгыптыр экоонун обону да бирдей жакшы чыгыптыр айырмалай албай койдум жакшы кимиси Мирбек кимиси Турдакун аке экенин
08.06.2016. 01:57
 Bek96.kg
Жакшы ырдалыптыр бирок бир аз обонду созгондо жакшы болмок
08.06.2016. 11:23
 Luna95
жакшы чыгарма болуптур
08.06.2016. 17:37
 Luna95
саламатсыздарбы Төрөбек деген ырчынын Турганбү Эркинбаеванын ырларын жүрөктөңүздөрчү админ сураныч
08.06.2016. 20:27
 MMA_1
Күткөн ыр. Келаткан Айтыңар маарек болсун момун мусулман туугандар.
09.06.2016. 13:45
 Nurlan_94
Жакшы! Ийгилик !
09.06.2016. 17:13
 Azizbek.kg8
Вау.соонун ырго.Туугандар айт маарек болсун!
11.06.2016. 00:56
 Aibek.98kz
Зынк ыр болуптур. Кандайсын досум МИРЛАН.
11.06.2016. 10:18
 Asulbek
Аллах ыраазы болсун
12.06.2016. 15:58
 raida
Tura kalyp tytyp beilep jiberchudoi yr boluptur go, birok beilesen dinchiler atyp ketet beken ,uido ech kimge korunboi tytyp beilep albasan ele.
14.06.2016. 03:18
 boolushkubat
Мыкты ырчылардан,эн соонун ыр белек болуптур. Ыраазычылык
21.06.2016. 01:47
 Ashka.
Керемет,сөз жок ырга. Ийгилик
28.06.2016. 22:15
 mma_fighter
Соонун ыр болуптур
29.06.2016. 06:43
 Kanat.kg
Жакшы ыр болуптур, Аллах ыраазы болсун
05.07.2016. 08:08
 askar_myrza
Мага жакты жакшы ыр экен
26.11.2016. 08:21
 kilim
Ыр деп ушуну айтыш керек
05.12.2016. 19:28
 mukai
Сонун ыр Азаматсынар жигиттер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо