Элмирбек Иманалиев "Булбулум"
05:41
9,11 Мб
Жүктөлгөн: 14-06-2016
Жанр: Фольклор
Сөзү:Э. Иманалиевдики
Обону:Э. Иманалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(5 добуш)
Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Армандуу сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.

Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.

Кайырма:
Булбулум, булбулум, ай,
Буулуккан кургурум, ай.
Бул кечте үнүң баспай,
Буулуктуң неге мынча, ай,
Булбулум, булбулум, ай?

Жаңшайсың, жаш булбул, токтобогон,
Жашоодо жан жок, эй боздобогон.
Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
Жаштыгым жаштыкка, эй, окшобогон.

Сайрашың өткөндү эске салып,
Санааркайм, ал күндөр четте калып.
Буулуккан булбулдай сени жоктойм,
Буйруксуз сүйүүмдү эстеп алып.

Кайырма:

Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.

Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.

Кайырма:

Комментарийлер (20)

14.06.2016. 15:51
 dastan_nookat
Жийдеш-''Жаным'' деген ырын жуктоп койсонуздар
16.06.2016 11:42
admin_media
dastan_nookat, саламатсызбы! Жакыныкы күндөрү порталга жүктөлөт.
14.06.2016. 18:19
 ruslankg
Мына булбулумдун аргиналы эх чиркин!
15.06.2016. 10:16
 oilonchu92
эхх чиркин ыр эмес бекен
15.06.2016. 10:27
 Daiza
Мен сыйлаган инсан, ырларын берилип угамын. Ар бир сабында өзү жашагандай...
Сонун ыр!
28.02.2018 09:44
Oi_pikir
Daiza, мага да ошондой ссезиле берет. Ырларында өзү жашагандай. Бүт эле өзүнүн, Гүлбү эженин өмүрүн, сезимин ырдагандай.
16.06.2016. 08:15
 taalay89
Балкымасында жүктөп койуңуздарчы сураныч супер инфо көптөн бери эле суранып келе жатамго
16.06.2016 08:54
admin_media
taalay89,
Саламатсызбы! Сиз сураган ыры аткаруучунун өздүк архивинде жок болгондугуна байланыштуу азырынча жүктөлө элек. Сунушуңуз эсибизде, рахмат!
17.06.2016. 03:47
 toma85
Ушул ырчынын "Боздотпочу ботодой болуп" деген ырын жуктоп койгулачы.
17.06.2016 09:27
admin_media
toma85,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
17.06.2016. 19:15
 osh0892
Бул бууулум булбулум ай кандай сонун ун талантынызга таазим. дагыда ырларын жуктоп койунуздарчы
22.06.2016. 20:01
 take04
Сураныч карап карап деген ырын суранам
23.06.2016 09:43
admin_media
take04,
Саламатсызбы! Жакынкы күндөрү порталга жүктөлөт. Сунушуңузга рахмат!
06.07.2016. 14:13
 begimai1989
жакшы ыр да озу эле
18.07.2016. 06:33
 abdel-8819
+5
11.08.2016. 23:43
 miron
Комуздуда боздототда
24.09.2016. 12:48
 Kyialkech
Элмирбек ага комузунуз боздоду го. Талантынызга таазим.
30.08.2017. 09:36
 dosboss
@admin_media, саламтсынарбы? Кыргыз куулорун кайсы жерден тапсам болот? Озунчо "Куулор" деген болум ачсанар болобу? Рахмат
31.08.2017 13:03
admin_media
dosboss,
Саламатсызбы! Күүлөрдү http://www.super.kg/media/genre/25/audio/ ушул бөлүмдөн таап уксаңыз болот.
09.06.2020. 13:29
 faraon312
Ырларың калып өзүң жок(((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо