Элмирбек Иманалиев "Билесиңби?"
04:29
7,18 Мб
Жүктөлгөн: 20-06-2016
Жанр: Фольклор
Сөзү:Олжобай Шакирдики
Обону:Э. Иманалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.88/5
(8 добуш)
Мен сендик элем, кучагым кенен,
Жүрөгүм тушта жүрөгүң менен,
Меники болуп сезилчү денең.
Кездешкис болуп узадык эле,
Мен өпкөн бойдон, сен өпкөн бойдон.
Кездешпейт азыр бир ошол дене,
Мен өткөн жолдон, сен өткөн жолдон.

Саргайган күздө санаа жок жүздө,
Телегей тегиз шуруңдай тизме,
Түбөлүк болуп сезилчү бизге.
Телмирип тиктейм тетиги, жаным,
Сен сүйгөн айды, мен сүйгөн айды.
Сезимтал элең сезерсиң дайым,
Сен тарткан кайгы, мен тарткан кайгы.

Телмирип тиктейм тетиги, жаным,
Сен сүйгөн айды, мен сүйгөн айды.
Сезимтал элең сезерсиң дайым,
Сен тарткан кайгы, ал мен тарткан кайгы.

Комментарийлер (10)

20.06.2016. 22:50
 taalay89
Кандай сонун чыгарма дагы жүктөңүздөр супер инфо
21.06.2016. 00:34
 take.kg86
+5 мыкты ыр экен
21.06.2016. 11:00
 Daiza
Керемет! Мыкты! Сонун! Угуп отура бере турган чыгарма...
23.06.2016. 06:54
 ofiser26
Карагылачы достор. Кандай философия жатат.
23.06.2016. 17:06
 Siren.ms
Элммрбек байке Гулбу эжеге арнап ырдагандайго а
23.06.2016. 19:48
 KYRGYZJERI
Гулбу эжени эстеп кеттим, кантсе да эко бири бирине топ келген жубайлар эле
18.07.2016. 06:31
 abdel-8819
+5
26.07.2016. 22:23
 Gulsarat
Гулбу апчибиз окунсо керек азыр ажырашканына,сонун тугойлор эле, жакшы корчубуз уй булообуз менен Гулбуну балама деген ыры менен чыккан кезде
17.08.2016. 03:41
 jazka-jaz77
Аябай сонун чыгарма болуптур.Ийгилик сизге.
18.11.2016. 03:01
 tynchtyk90
элмирбек жаны ыр жазган экен аябай уккулукту ыр деп журушот жакындары. ал ырга атда койула элек экен бизда уксак болот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо