Мээрим Карыпова "Түгөйүмө"
03:02
4,16 Мб
Жүктөлгөн: 20-06-2016
Жанр: Эстрада
Сөзү:Акбар Кубанычбековдуку
Обону:Муратбек Алымкуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.80/5
(5 добуш)
Өзүмдү көрүп көзүңдөн,
Өкүнүч, кайгым өчүргөм.
Жазылдың таалай багыма,
Табышмак сырдуу өмүрдөн.
Тирегим менин, тирегим менин
Табышмак сырдуу өмүрдө

Жанашып бирге басканда,
Жарыгым жетип асманга.
Жүрөктөр калды байланып,
Бир болуп дайым ак таңда.
Түгөйүм менин, күйөрүм менин
Бир болуп дайым ак таңда.

Жүрөктү ороп жалынга
Жүрөлү сүйүү багында
Жыргалын сезип алалы,
Жаштыктын деми барында.
Жүрөгүм менин, түнөгүм менин,
Жаштыктын деми барында.

Убара салып жаш жанга,
Убакыт бизден шашканда.
Эмнеге санаа тартамын,
Ээрчишип катар басканда
Ардагым менин, жажалым менин
Ээрчишип катар басканда
Ардагым менин, жажалым менин
Сен болсоң болду жанымда.

Комментарийлер (4)

21.06.2016. 08:44
 jamakeev2015
Эн сонун мага жакты
22.06.2016. 19:59
 Kingsman
Админ откондо сурандым эле, "Не Жанылык" долбоорунун саундтрекине шилтеме бергилечи же кочуруп койгулачы сураныч
23.06.2016 11:29
admin_media
Kingsman,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
23.02.2017. 20:53
 Janylai2012
Текстын жазып кое аласыздарбы.рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо