Элмирбек Иманалиев "Жалгыздык"
05:01
8,02 Мб
Жүктөлгөн: 25-06-2016
Жанр: Фольклор
Сөзү:Ш. Дүйшеев, Э. Иманалиевдики
Обону:Э. Иманалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.43/5
(7 добуш)
Жарыгы белең берметтин,
Жабыркап көңүл дегдеттиң.
Кароосуз калган кайыктай,
Кайыр кош, жаным, мен кеттим.

Кайырма:
Карап, карап, кайрадан сени самап,
Күттүм, күттүм, күттүм, күттүм.
Жалжалым, жалгыздыктан жадап бүттүм.

Көпөлөк гүлгө коно албай,
Көңүлүм сыздайт толо албай.
Серпилип жүрөк кыйналды,
Сендейлер сендей боло албай.

Кайырма:

Кош дегим келбейт, кош дегим,
Козгобо, бөлөк жок кебим.
Кор болсом жалгыз, айлам жок,
Кош дешер кишим жок менин.

Кайырма:
Карап, карап, кайрадан сени самап,
Күттүм, күттүм, күттүм, күттүм.
Кантейин арга жок да,
Жан биргем, жалгыздыктан жадап бүттүм.
Карап, карап, кайрадан сени самап,
Күттүм, күттүм, күттүм, күттүм.
Кантейин, кандай кылам?
Жалгыздык жашоодон да тажап бүттүм.
Мен сени күтүп жүрүп күйүп бүттүм, бүттүм...

Комментарийлер (9)

24.06.2016. 22:34
 taalay89
Кандай сонун чыгарма рахмат super.kq ишиңиздерге ийгилик 10 жылдык маарекеңиздер менен!!!! Дагы жүктөп туруңуздар элмирбек аганын ырларынан.
25.06.2016. 14:33
 lolo.1
Урматту админ.саламатсызбы?Токтобек Асаналиевдин атама апама окшош айылымсын деген ырын жуктоп коюнуздарчы.рахмат
26.06.2016. 16:07
 Rasuli
Элмирбек Иманалиевдин "Аруузатым" деген ырынын өзүнүн аткаруусундагысын кошуп коюңуздарчы мүмкүн болсо...
28.06.2016. 23:50
 Siuz
Элмирбек байкенин Чыгармачылыгын өтө баалайм!Бар болуңуз,чыгармачылык ийгилик!Баардык жагынан таланттуу жана жакшы адам.
06.07.2016. 14:12
 begimai1989
ахххх.....ушул ыр мамамдын дежурный ыры
18.07.2016. 06:26
 abdel-8819
Элмирбек байкенин өзүнүн ырларын комуз менен аткаруусун көп көп жүктөп койсоңуздар. Алдын ала чоң рахмат!
24.09.2016. 12:53
 Kyialkech
Эн сонун чыгарма. Соз жок. Элмирбек аганын Жамийла деген ырын жуктоп коюнуздарчы. Рахмат.
06.11.2016. 11:20
 Kakaly
Иииииий баракелде!
26.04.2020. 22:20
 dobrajelatel
Аттин арман жалган дуйно... Жан дуйном антарылып алай дулой болду суук кабарды укканда. Жаш кетти.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо