Жумабек Акбаров "Келинчек"
03:27
7,87 Мб
Жүктөлгөн: 20-07-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Капар Момуналиевдики
Обону:Жоодарбешимдики
Көчүрүү
  • Currently 3.67/5
(3 добуш)
Байке деген, эркелеген, татына сүйкүм элең,
Жүрөгүмдү элжиреткен, жакшына күлкүң менен.
Мезгил шашып, жыл алмашып, бой жеттиң карындашым,
Түгөйүңдүн бактына, жар болгун мөлтүрөгөн.

Кайырма:
Келин болдуң, барып кондуң, ак сүйүүңдүн багына,
Өзүң улап, турмуш жолун, ак жолугуң салына.
Бактылуу бол карындашым, көздөн жашың тамбасын,
Жашооңорго, Жаратканым, жакшылыгын арнасын.

Кубат бере, ата-энеңе, нур сымал жаркырадың.
Эми жеттиң, эрезеге, гүл кыял шам чырагым.
Кубанып да, муңайып да толкуп турат көңүлдөр.
Ушул ирмем, канат кагып, уядан талпынасың.

Комментарийлер (3)

22.07.2016. 01:49
 nona.nona
Ийгиликтер болсун
22.07.2016. 03:29
 Jumaakb
Жакшы ийгилик...
26.07.2016. 19:37
 munar.toktoshov
Ийгилик жакшы ыр болуптур!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо