Аяна Касымова "Чагылган"
03:41
8,42 Мб
Жүктөлгөн: 27-07-2016
Жанр: Поп
Сөзү:К.Алмазбековдуку
Обону:А.Атабаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.45/5
(11 добуш)
Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.

Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
“Аппагыңды көрүп алчы” дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.

Жарк дегенде неге сени карадым?
Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың.
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.

Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине.
Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге?

Комментарийлер (22)

28.07.2016. 10:45
 guljigit96
Сүрөтүнө ырына окшоштурдум.
29.07.2016. 16:53
 Адам
Аяна ар дайымкыдай жогорку деңгээлде.
30.07.2016. 14:27
 milashka.98
Azamatsun
01.08.2016. 19:32
 Anhel
Баш катабыз бир турмонун ичине деп ырдап коюптур кайра кайра байкап уксам да.
01.08.2016. 23:20
 Dinislam_kg
Эң жакшы
04.08.2016. 01:28
 etaj_rus79
чын эле баш катабыз бир турмонун ичинде деп ырдап койуптур а так жакшы ырдаган
06.08.2016. 08:45
 zairbek09
зор сонун ырдаптыр унуно береке.
09.08.2016. 13:30
 alyke.9696
Аянанын Ардагым чыгармасын жуктоп койгулачы?
23.08.2016 10:03
admin_media
alyke.9696,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/media/audio/173847/
20.08.2016. 20:39
 NARYNGRAD
Текстин туура эмес ырдап салыпсын, баш катабыз бир түрмөнүн ичине болуп ырдалып калыптыр, баш катабыз бир күрмөнүн (куртканын) ичине болчу.
20.08.2016. 23:05
 oilonchu92
биринчи созунду туура ондоп туруп ырдачы Аянушка.....сенин чыңырып ырдаганыңды көрүп сени аяп кетем....
27.09.2016 15:22
jamesdean
oilonchu92
Жакпаса жазбай эле кой
08.10.2016. 21:55
 Aselya_9105
Мен да угуп таң калдым "түрмөнүн" ичинде баш катат беле же "күрмөнүн" ичиндеби деп... Аяна сынга кабылып кала электе студияга барып оңдоп ырдап кой. А так жакшы ырдагансың. "Түрмө" бузуп коюптур.
02.11.2016. 16:30
 noeli
Ырдын создору керемет!!
15.11.2016. 17:10
 karmelita
чын биз учоолоп отуруп кайра кайра уктук курмо эмес турмо деп ырдалып калган гооо.
15.11.2016. 22:07
 renat-KG
Эми буткон ишке сынчы коп болуптурда, бирок ото жакшы ырдаптыр ким жактырбаса ошол жерине келгенде укпай койгула же воопше укпай койгула))
16.11.2016. 19:09
 Nur92
Аяна айланайын кызым создун баркын кетирбей так айтып ырдасан жакшы болмок,турмо дебей.
25.11.2016. 23:46
 tokitok
Уят го ушунча ырдап аткандан кийин озу эмне деп жатканын тушунбой.бир жолу айтып жатса бир жон бул турмосун миндеген адам угат да.
23.12.2016. 12:30
 ilana
"эки муноз уян оскон баладай" эмес го.. "эрке муноз уян оскон баладай " деп айтылат...негизиырды Зейнеп Шакева эже сонун ырдаган
23.12.2016. 12:39
 BubleGum
туура эле ырдаган. Жон гана батыш стилине салганда ушундай угулуп калган. Музыка, ун программанар болсо жайлатып 100% чейин уксанар ККК-ККГГГ деген ун чыгып жатат. Ошон учун чондорубуз безилдешет да бузбай а ны а деп б ны б деп ырдагыла деп. Ошон учун чондорду угуш керек Аяна
17.04.2017. 13:23
 Jamal
жакшы
08.11.2017. 12:31
 aidin8625
Бир турмонун ичине дейби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо