Гүлжигит Сатыбеков "Атамды качан табамын?"
03:57
6,33 Мб
Жүктөлгөн: 26-07-2016
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.56/5
(32 добуш)
Бүгүн неге жашым төктүм да,
Ой көлүнөн чыкпай чөктүм да.
Мээримиңе такыр бөлөнбөй,
Ата, сизди көрбөй өстүм да.
Жүрөгүмө толгон кусалык,
Ошол үчүн ыйлайм, өксүйм да.

Кайырма:
Бул азаптар мени кыйнады,
Таба аламбы издеп атамды?
Кусалыктар мени кыйнады,
Таба аламбы издеп атамды?

Шылтап коюп баарын тагдырга,
Бири-бириңден өчүң алдың да.
Наристе элем, күнөөм жок эле,
Ошол үчүн өксүйм, жашыйм да.
Көөдөнүмө толгон кусалык,
Эх, атаке, көрбөй өстүм да...

Бул азаптар мени кыйнады,
Таба аламбы издеп атамды?
Сагынычтар мени кыйнады,
Таба аламбы издеп атамды?

Бул азаптар, сагынычтар мени кыйнады,
Таба аламбы издеп атамды?
Кусалыктар, ызалыктар мени кыйнады,
Таба аламбы издеп атамды?
Айыктырып жүрөк жарамды...

Комментарийлер (46)

26.07.2016. 19:37
 Sarana
Керемет ыр!
26.07.2016. 20:30
 Izabella_an
Эн сонун журоктон чыккан ыр журоко жетет дегендей,мендеда ушул арман бар, ар бир баланы ата-энеси мн бактылуу чонойушун каалайм .
26.07.2016. 20:55
 guljigit.
сонун ыр экен, көңүлүм башкача болуп кетти
27.07.2016. 04:15
 jigitaly
Jakshy maanisi da jakshy
27.07.2016. 10:05
 temirov76
Урматтуу админ агенттеги махабат деген ырынын жаны версиясын качан жуктойсуздор?
27.07.2016 10:23
admin_media
temirov76,
Саламатсызбы! Мүмкүнчүлүк болгондо жүктөлөт, сунушуңузга рахмат!
27.07.2016. 10:30
 Kerben1996
Сонун жазылыптыр....Азаматсыз!!! Аксылыктар Алга...
27.07.2016. 14:23
 don91
Маанилу Жакшы ыр болуп ийгиликтерди калайм
27.07.2016. 16:12
 beki2001
Сонун болуптур, урматту админ Х. Азреткуловдун озунун аткаруусундагы коштошуу вальсы деген ырын жуктоп коюнуздарчы, сураныч
29.07.2016 12:31
admin_media
beki2001,
Саламатсызбы! Шилтеме менен өтүңүз: http://www.super.kg/media/useraudio/172621/
27.07.2016. 23:42
 Him
Супер
28.07.2016. 00:56
 Kgstar96
Бүгүн мына эске алдымда, атакем сизди,
Көздөн жаштар тым тым актыыыда,
Саагыныч кусааныын арман артындааа.
Ааата сизди эске алдыымдааа
29.07.2016. 10:45
 tulpar90
Тикодон башка бардык ыры жагат.
29.07.2016. 19:12
 MUSLIM-81
Ото жакшы.
30.07.2016. 01:41
 aigerimosh
Саламатсыздарбы Гулжигиттин Дариха деген ырын кошуп койунуздарчы сураныч.
31.07.2016. 12:44
 beka.1994.a
Бул агамдын ырларынын обондору баары бирдей. Албетте мааниси жакшы экен. Обону жаккан жок. Андан көркөм окуса...
31.07.2016. 21:17
 doni_alaaarcha
Таппай калдымго атамды эми
31.07.2016. 21:32
 bizon
Азаматсыз акасы укмуш ыр болуптур.
01.08.2016. 09:44
 Adiko.98
Азаматсыз ырга сөз жок. Супер инфо "ай нуру"тобунун Берметим деген ырынын минусун жуктоп коюнуздарчы сураныч.
01.08.2016. 13:12
 saian.00
Эн сонун ыр текстин кантип кайсыл жерден тапсам болот
02.08.2016. 12:06
 guli010789
Соонун ыр онорунуз оркундой берсин!Бардык ырлары уккулуктуу маанилуу!
03.08.2016. 20:02
 mirzoahmatov
Гулжигиттин ырларын өтө жакшы көрөм.Манилүү.Ийгилик.
21.08.2016. 19:51
 nurik-jami
Созу аябай маанилуу экен. Чыгармачылыгыныз мындан да осо берсин.
03.09.2016. 12:41
 nurik903
гулжигиттин ырлары ото маанилуу
26.11.2016. 10:37
 kilim
Тумарым деген ырын жуктоп койгулачы
17.12.2016. 06:59
 Nargiza1987k
апам раматылык бар кездеги атамды таба албай журомун
14.01.2017. 15:35
 Edilbek15
Жакшы ыр Гулжигиттин ырларын укканда терен ойго батып угамын
11.05.2017. 11:06
 retrosaiki
Гулжигит ага аябай соонун ырдайсыз сиздин ырларыныз ар дайым жан дуйномдон орун алып биринчи укканда ыйлап да алам чыгармачылык ийгилик
06.10.2017. 14:34
 Beki30012001
Эн сонун ыр
11.02.2018. 16:42
 Cibek
Атакем ай биздин жакшылыкты корбой оттуп кеттин ушул ырды угуп эле ыйлай берем
15.02.2018. 12:45
 Айдай
Аталар бар болсун!!!
24.10.2018. 19:17
 Adiletgo
Бул ырды постоянно угуп турганы журок чыдабайт( атамы эстеп жалгыз отурганда угам.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо