Гүлбү Ороскул кызы "Балама"
03:30
3,19 Мб
Жүктөлгөн: 01-08-2016
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(6 добуш)
Жан жүрөктөн жаралган,
Жаным менин, жан балам.
Таянар тоо болсун деп,
Теңир мага арнаган.
Эркин куштай талпынган,
Эрезеге жет, балам.
Эмгегиңди бааласаң,
Зирек болгун акылман.
Укта балам, жан балам,
Аппак жүздүү, нур балам.
Укта балам, жан балам,
Аппак жүздүү, нур балам.

Айдай жүзүң нурчалган
Адам болгун жөлөгүм.
Адал иштеп ар убак,
Аткарылсын тилегиң.
Күндөн жүзүң нурчалган,
Күзөтү бол элиңдин,
Элин-жерин коргогон, ай
Опол тоодой милдетиң.

Жараткандан суранам,
Узун болсун өмүрүң.
Жакшыларга жанашкын,
Эмгек болсун көңүлүң.
Кызмат кылып журтуңа,
Өсүп-өнгүн көбөйгүн,
Кабыл кылсын теңирим, ай
Ата-энеңдин тилегин.
Укта балам, жан балам,
Аппак жүздүү, нур балам.
Укта балам, жан балам,
Аппак жүздүү, нур балам.
Алдей, алдей, алдей, ай,
Укта балам, ай балам.

Комментарийлер (3)

30.07.2017. 11:52
 fanatka19
Энелик бакыт тилейм сизге.
30.10.2017. 23:40
 aerforce
Ах эжекем бейиштин торун берсин керемет жан элениз
09.01.2018. 11:12
 korgoshun
Текст жазып койсонор сонун болот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо