Нурлан Насип "Алдайсың"
03:30
5,59 Мб
Жүктөлгөн: 11-08-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону:Нурлан Насиптики
Көчүрүү
  • Currently 4.38/5
(29 добуш)
Сен ак куусуң канатчан,
Сермеп учуп бараткан.
Ишенимдин ачкычы,
Издейм бардык тараптан.
Сүрдөп кетем чыны бат,
Сүйүүм айтам шыбырап,
Жылмайгандай сезимге,
Жылдыз толот жыбырап.

Кайырма:
Сыйкырчы жандайсың,
Сыноолоруң улам, улам камдайсың.
Калп эле назданып,
Кайра-кайра кыйнагандан талбайсың,
Кыялкеч жандайсың,
Кытыгылап көңүлүмдү арбайсың,
Өзгөчө сүйсөң да,
Өзүңдү өзүң эмнегедир алдайсың.

Мен бир жигит ашыккан,
Махабатка машыккан
Макул десең мойнуңа,
Мончок тагам бакыттан.
Көзүң мезгил жазындай,
Көрсөм черим жазылбай.
Жактырганың чын болсо,
Жакын келчи жашынбай.

Кайырма:

Комментарийлер (51)

11.08.2016. 23:21
 maksat.abdukaharov
СоонунгоСоонунго мага жакты
11.08.2016. 23:22
 oilonchu92
эпптеп парольумду таап кирдим...мени банга тыгып салгандан бери парольду унутуп эми кирдим...ушшунчалык силерди сагындым супер инфо....
12.08.2016. 01:05
 apazov01
эх сонун экен NN красавчик
12.08.2016. 01:13
 Zoluwka
Соонун ыр азаматсын
12.08.2016. 04:46
 mi2000
Мурдагы ырлары жакшы болчу. Бара-бара слабый боло баштадыго менимче.
12.08.2016. 05:54
 sabyr86
Сонун ыр болуптур,тынбай угуп атам.
12.08.2016. 16:53
 Seit00
Негизи мурдагыдай ырлары манилуу эмес .
13.08.2016. 14:54
 dastan_nookat
Жакты мага!
13.08.2016. 22:51
 timur01
Nurlan azamatsyn barakeldi men barmyn ushul senin talantyna. Sen nomer odin bolup turasyn ushununda jazba. Urgon it uro beret kerben juro beret iskustvonu tushungondor syndasyn pojaluista no men besh berem.
16.08.2016. 00:18
 Atabaev.kg.su
Э Нурлан досум бул ыр хит эмес эле ит болуптур
16.08.2016. 18:39
 den.0189
чарчатып койдугоо бираз жайыраак болсо жакшы болмок
16.08.2016. 19:31
 Osmknbek1997
Урматтуу админ Айпери кулбайеванын тунку ыр чыгармасын киргизип койсонуз алдын ала рахмат
17.08.2016 11:13
admin_media
Osmknbek1997,
Саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/media/audio/90651/
17.08.2016. 13:39
 nurka-94kg
Укса болот жакшы...
18.08.2016. 22:55
 zairbek09
уну жагат
22.08.2016. 11:26
 ulanbek2000
Урматтуу админ. Элбарчын Калилованын - Маргунум деген ырын жуктоп койунуздарчы
22.08.2016 16:05
admin_media
ulanbek2000,
Саламатсызбы! Шилтеме менен өтүңүз: http://www.super.kg/media/audio/173887
24.08.2016. 12:51
 K.nurlanov
Иий боктор ушундай ыр чыгарып алгылачы биринчи
04.09.2016. 15:43
 aikolsha97
абдан жакты бирок обондору баары окшош кичине озгортсонуз сонун болот эле
06.09.2016. 00:36
 elmirbek09
Жакшы ыр экен укса болот.
08.10.2016. 12:55
 laki
Негизи азыр адамдарга эч нерсе жакпайт тек акчадан башка,,,
09.10.2016. 15:02
 AF0189
@admin_media бул ырдын видеосу жокпу
10.10.2016 12:54
admin_portal
AF0189, http://www.super.kg/media/video/176735
24.10.2016. 15:07
 K.A.Kamchybekova
Озунордуп колунардан келбегенден кийин суйлобогуло
31.10.2016. 23:43
 AF0189
Туура айтасын K.А.Kamchybekova коро албагандар айта берет
08.11.2016. 13:51
 elmirbek09
Урматтуу админ ушул ырдын минусун жуктоп койгулачы сураныч
08.11.2016 16:32
admin_media
elmirbek09,
Cаламатсызбы! Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз. Шилтеме аркылуу кирип минус жүктөп жаткан колдонуучуларга купуя кат менен кайрылып көрүңүз http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11
18.11.2016. 02:23
 Aizirek2014
Жакшы ыр болуптур
25.11.2016. 10:42
 kilim
Админ Нурлан насиптин сары кыз деген ырын жуктогулочу
25.11.2016 11:36
admin_media
kilim,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
13.12.2016. 16:05
 mery.89
Ииий кулмундогон иий.
06.01.2017. 10:32
 joni98
Klip jakpady
18.01.2017. 17:44
 Medi_Barktabasova2017
эн соонун чыгарма
19.01.2017. 20:30
 Anuca
Эн соонун чыгарма экен кайра кайра угуп жатамын Молодец Нурлан Насип
11.04.2017. 01:47
 jomka
тексть жүктөп койуңуздарчы сураныч
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо