Алмаз Шаадаев "Фаридам"
03:52
4,42 Мб
Жүктөлгөн: 11-08-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Шайлообек Дүйшеев,Тынарбек Амановдуку
Обону:Тынарбек Амановдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.75/5
(20 добуш)
Коңшулаш айылдан кезиккен,
Коңгуроо үнүңдү эшиткем.
Корооңо кире албай коштошуп,
Кол булгап калчу элем эшиктен.
Агымын турмуштун кече элек,
Анда сен кыз элең секелек.
Кош булак өңдөнүп экөөбүз,
Кошулуп бир аксак дечү элек.

Кайырма:
Фаридам, Фаридам...

Аттиң, ай, өкүнөм эмгиче,
Адырдан гүл терип бергиче.
Алтыным, башкага кеттиң сен,
Алыстан кайрылып келгиче,
Азапка бактысын байлаган.
Армансыз жашоодо барбы адам?
Жоготкон күндөрдү, ай, эстедим.
Неге сен жолуктуң кайрадан?

Кайырма:

Балбылдап көздөрүң карагат,
Басчу элең жүрөктү, ай, жаралап.
Бактылуу боло көр, кош эми,
Балалык ак сүйүүм аманат.

Кайырма:

Комментарийлер (43)

12.08.2016. 18:13
 Zvezda.KGKG
Ийгилик ыр мага жакты
12.08.2016. 21:09
 Dinislam_kg
Ийгилик...
12.08.2016. 21:55
 MARAT.OZGON
Жакшы ыр экен болот брат тойдо хитко
12.08.2016. 22:28
 Xperiaedil
Коптон куткон ыр, красавчик брат
13.08.2016. 14:55
 dastan_nookat
Музыкасы жакты
14.08.2016. 13:49
 mirzoahmatov
Саламатсыздарбы
Сүйүү оту жана берсин
Өзүн окшош бала берсин
Деген ырды ким ырдаган болсо шилтемесин берип койунузчу админ достор силерден да сураныч
15.08.2016 16:52
admin_media
mirzoahmatov,
Саламатсызбы!
Султан Садыралиев "Сүйүү оту (New version)"
http://www.super.kg/media/audio/73175/
14.08.2016. 14:21
 Aman-moskva
Шандуу ыр болуп тур фарида журок тон урган го
15.08.2016. 09:12
 Karavancity
Ulanbekzaripa:::
15.08.2016. 10:45
 mirzoahmatov
Саламатсызбы админ
Менин аудиом кошулду деди бирок кошулбаптыр караштырып беринизчи суранам
15.08.2016 11:50
admin_media
mirzoahmatov,
Саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз: http://www.super.kg/media/?type=video&id=173420
15.08.2016. 14:04
 umDai
Аявай мааанайды которот сиздин унунуз.) Москвага келинизчи....
15.08.2016. 19:54
 Takewiro
Текстин кошуп койгула
16.08.2016. 10:13
 mirzoahmatov
Чооон рахмат админ
16.08.2016. 13:11
 Atabaev.kg.su
Клип күтөбүз
16.08.2016. 23:57
 Kgstar96
Бул ырга бир соз менен баа берүү өттө кыйын маселе соз жок суппер
18.08.2016. 00:29
 Zikokg
Вконтака жүктөп көйгулачы сураныч
20.08.2016. 15:32
 aigerimarslan
Жакшы
24.08.2016. 12:41
 Eliza.janybekova
Алмаз бул ырыныз жакшы болуптур. Эми клипти да күтуп калабыз. Ийгилииииик
05.09.2016. 09:42
 Мэри
Бул ыр мурда эле бар болчу,
Асылбек Өзүбеков ырдайт.
13.09.2016. 13:50
 Maxabat8778
Асылбек Озубеков байкебиздин ыры.эн соонун ыр♡♡♡♡♡♡
13.09.2016. 23:23
 Aselya_9105
Асылбек Өзүбековдун убагындагы ырдаганы кулакка жүрөккө каттуу сиңип калган бул ыр. Бирок жакшы чыгыптыр.
13.09.2016. 23:58
 Mile
Кыздын уну жетишпей жатат. Оригиналы тим эле кулака жагымдуу. Асылбек Озубеков мыкты аткарган. Тарак тарак этип музыкасы эле угулат го мунун.
09.10.2016. 18:01
 AF0189
Кээ бир жери файидам болуп калыптыр бирок сонун
31.10.2016. 03:55
 ALMAAAN
Зынк ыр
25.11.2016. 20:42
 kilim
Эн соонун ыр болуптур Алмаз ырларын баары соонун мага жагат ырларын, ийгилик
27.11.2016. 13:40
 tyny44
Нурмат Садыров Торгоюм ыры менен лексус алды
эми Алмаз брат сен бул ыр менен машина эмес катын ал
06.01.2017. 11:24
 elmirbek09
Зынк ыр экен
08.01.2017. 04:20
 adi_ko.kg
Тойлордо хит болуп ататго
03.02.2017. 20:08
 Atlantic
Алмаз Шаадаевдин жаны ыры "Кыргыз кыздары" качан чыгат?
16.03.2017. 22:32
 omurbek.oma
жакшы
14.04.2017. 13:40
 kolyn
Оо жаштыкта аккордион менен гитаранын коштоосунда ырдоочу элек.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо