Жумабек Акбаров "Апакемдин туулган күнү"
04:07
9,39 Мб
Жүктөлгөн: 12-08-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Капар Момуналиевдики, Ж. Акбаровдуку
Обону:Курманбек Акматовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.22/5
(9 добуш)
Мезгилдердин зор түйшүгүн артынып,
Уул-кызыңа сулуулугун калтырып.
Жылытасың эбегейсиз жер жүзүн,
Мээримиңди жаркыраган шам кылып.

Кайырма:
Кубанычтан көккө күүлөйт куш канат,
Күүгө айланып, ырга айланып туш тарап.
Туулган күнүң мына бүгүн апаке,
Куттук айтып, аалам сизге суктанат.

Тийбесин деп татаал тагдыр камчысы,
Өмүрүмө коргон болдуң жай-кышы.
Жан киргизип сыйкырдуу бир күч менен,
Жашоо арнайт ак сүтүңдүн тамчысы.

Комментарийлер (15)

12.08.2016. 18:09
 Zair_Alimov
Эн сооонун ыр болуптур досум! Аяшэне укса аябай кубанат го. Ийгилик досум, багындыра турган бийиктиктеги ийгиликтер баары алдыда. Алга досум!
12.08.2016. 18:31
 mikoo
Жакшы ыр болуптур хит болот го.
12.08.2016. 19:24
 Jumaakb
Ардактаган апакелер аман болсун. Туулган күнү үчүн жан дүйнөдөн чыккан эң сонун белек болуптур. Ийгилик!!!
12.08.2016. 20:20
 baltabai
сонун. баракелде! апалар бар болсун!
12.08.2016. 20:58
 munar.toktoshov
Сонун чыгарма болуптур! коптон бери кутуп жургом.апалар аман болушсун.башка дагы да жаны чыгармаларынды кутобуз ийгилик!
12.08.2016. 21:14
 Dinislam_kg
Энелер аман болсун
Ыр аябай жакты мага
12.08.2016. 22:01
 KG_BeatMaker
Эне деген кандай гана асыл адам. Ар күн сайын куттуктап, күн сайын батасын алуу ар бир баланын бурчу го дейм. Чыгарма өтө сонун болуптур, сөзү да обону да топ келишкен. Ийгиликтер гана коштой берсин Жумабек. Алдыга гана талпына бер.
14.08.2016. 13:25
 Eliza.janybekova
Создору абдан маанилуу экен.чын эле апалар сулуулугун бизге балдарына откоруп берет эмеспи.агарган ар бир чачы бизди деп болгон го. ийгилик Жумабек
14.08.2016. 14:19
 Aman-moskva
Сонун энекелери биз бар болсун омурлору узун болсун
14.08.2016. 18:29
 kirgizstan
Апамдын жакында туулган куну откон болчу ыр соонун чыгыптыр. Апамды сагынгангабы ыйладым ырды угуп
15.08.2016. 11:51
 nona.nona
Ийгилик өзгөчө темада өзгөчө ыр болуптур 5+++
16.08.2016. 14:57
 chynara2016
Эн сооннун! Создору абдан маанилуу жазылган. Ийгилиик!!!
27.08.2016. 14:19
 aizada98
Мындай темада такыр ыр уккан эмес элем. Озгочо темада чыгарыпсын, создору ото маанилуу экен.Мындан да жакшы ырларды кутобуз.
27.08.2016. 14:29
 bema_
Апакемдин туулган куну эртен эле. Эми арнап угузам. Жумабек алга )))
06.11.2016. 23:11
 tolik
Акынга рахмат. Абдан жакшы жазыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо