Гүлбү Ороскул кызы "Ортомчу бизге Ысык-Көл"
03:37
5,77 Мб
Жүктөлгөн: 23-08-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Абдырасул Кенжебаевдики
Обону:Расул Маматкуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.70/5
(10 добуш)
Көгүлтүр көлдүн бетинде,
Кайыкта жүрдүк кечинде.
Калкылдап сүзүп баратып,
Каралдым дедиң эсимде.
Кайыкта сүзүп баратып,
Сүйөмүн дедиң эсимде.

Кечээги күндөр эсимде,
Келбедиң күттүм кечинде.
Кайдасың, азыр кайдасың?
Элесиң турат эсимде.
Кайдасың, азыр кайдасың?
Күтөмүн көлдүн жээгинде.

Көлүмдө сүйүү түптөлүп,
Махабат бизге жүктөлүп
Ортомчу болду Ысык-Көл,
Сүйүүгө бизге күч берип.
Калкылдап сүзүп баратып,
Каралдым дедиң эсимде.
Кайыкта сүзүп баратып,
Сүйөмүн дедиң эсимде.

Комментарийлер (12)

26.08.2016. 16:58
 tolobekova1994
Мага жакты сонун ыр экен
01.09.2016. 15:23
 beki2001
Сонун болуптур, кантсе да Тельмандык да
17.09.2016. 14:39
 Aselya_9105
Үнүңүзгө береке Гүлбү эжеке. Берметтей үнүңүз өчпөсүн эч.
21.10.2016. 16:04
 mikamen
Эң жакшы+++
13.06.2017. 00:25
 Sadykbek43
Текстин кошуп койгулачы сураныч админ
06.07.2017. 01:00
 sabyr86
Алгалай бериңиз жаңы ырларды күтөм.сонун ырдайсыз.
26.08.2017. 22:50
 torik2292
Үнүңүзгө береке Аксынын Ак куусу
31.10.2017. 20:52
 ermek_90kg
Саламатсыздарбы Урматту Super Kg нин жаматы, Ушул ырдын текстин жазып коесуздарбы ???
02.11.2017. 13:13
 ermek_90kg
Рахмат Super Kg нин жаматына !!!
26.12.2017. 11:50
 Shumkar.2018
Мен суйгон эжем элениз (((
04.04.2018. 19:51
 bayan_toktomushov
Мыкты ыр экен аябай жактц :)
07.06.2020. 21:29
 muras111211
Сонун ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо