Айпери Сыдыкова, Бегимай Карабаева "Ламбада"
03:24
5,43 Мб
Жүктөлгөн: 05-09-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Кудрет Тайчабаровдуку
Обону:"Каома" тобунан алынган
Көчүрүү
  • Currently 4.61/5
(18 добуш)
Бул обон менен жаштыкты биз эске салалы,
Бий менен учуп токсонунчу жылга баралы.
Сонун жарашат бий аянтта чогуу,
Улуу-кичүүнүн бийлеп жатканы.
Ламбада бийлеп өткөн күндөрдү эстеп,
Унуталы биз кайгы-капаны...

Жаш балдар суктанып карап калсын бизди таңдана,
Ден соолукка пайда, кыймылдатат баарын ламбада.
Бул бийдин азыр обону сакталып,
Өзгөртүлдү кыргызча сөз гана.
Жөн гана бийлеп келсеңиз мурда сиз,
Кошулуңуз биз менен ырга да.

Ламбада бийи, бийлегенде көңүл бургузат,
Бийлебегенди чиркешкендер дароо тургузат.
Ынтымак бийи - ламбада экени,
Бий аянттарда даана байкалат.
Жашоо жыргалын, ар бир күн кымбатын
Байкасаңыз ушул ыр жар салат...

Комментарийлер (21)

05.09.2016. 21:10
 dosym
Каома тобунан алышыптыр
05.09.2016. 22:58
 Tikosha1994almaz
Жакшы бирок туурама болгону эле болбосо
06.09.2016. 05:33
 Ananai
Оз алдынча изденуу жок,шарт уурдамай!
06.09.2016. 06:28
 Bokonov777
Жаман эмес. Ийгилик
06.09.2016. 07:43
 akmatov99
Админдер тексттин кошуп коюңуздарчы
06.09.2016. 18:47
 fanatka19
Кайраттан эмнеңер кем.
06.09.2016. 19:31
 guljigit96
бийге түшсө болот
07.09.2016. 04:21
 aisezim85
Мага лично жакты.Аракет кылышыптыр.Создору жакшы жазылыптыр.
07.09.2016. 11:36
 akmatov99
Мага наоборот сөздөрү жакпады айпери кубик кызынын кайненелер ырына окшоп маанисиз
07.09.2016. 19:39
 aibo_85
мага жакты, создору обонго дал келиптир. эми сонун кылып клип тартса жарашып эле калат.
08.09.2016. 11:28
 shankol88
"Бышкан ашка сынчы коп"ырдагыла силерда чыгып жакшы арекетинерге 5+5
08.09.2016. 23:45
 sama1212
Саламатсыздарбы!
Нон стоп дуетинин кош жылдыз деген жана Кумар Асановтун ак саамай деген ырынын ссылкасын бериниздерчи сураныч
09.09.2016 18:37
admin_media
sama1212,
Саламатсызбы! Жүктөп койгонго аракет кылабыз, рахмат!
13.09.2016. 14:17
 belka
Мага жакты
14.09.2016. 20:08
 sabyr86
Тайчабаров деген да жакшы ыр жазбай калды.
15.09.2016. 11:21
 bemka.703
Эми келиштире сонун клип тарткыла.
16.10.2016. 21:48
 meliskgz
Ушул ырдын клипбин качан кошосунар влипли чыгыптырго
27.10.2016. 02:05
 Targarien
Клибинердин узундусун инстаграммда кордум эле качан бет ачары болот
22.11.2016. 19:54
 Myrzaw98
Кичине эле создору окшобой калыптыр
24.11.2016. 23:19
 jaw.akyn
En sonun. Maga lichno jakty ayabai. Kaira kaira ukkum kelip jatat
29.10.2018. 19:20
 nur0202
Сонун эле болгон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо