60'K тобу "Дос"
04:33
10,39 Мб
Жүктөлгөн: 10-10-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Бек Борбиевдики
Обону:Бек Борбиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.58/5
(12 добуш)
Кудайдан айткан маӊдайга,
Дос деген ыйык куш болот.
Бир болгон жаман-жакшыда,
Дос деген сендей дос болот.
Дос деген сендей дос болот.
Жылдыздар удаа жанашып,
Адамга адам туш болот.
Бир болгон өйдө төмөндө,
Дос деген сендей дос болот.
Дос деген сендей дос болот.

Кайырма:
Барга көппөй жокко чөкпөгүн досум,
Баары өтөт баары калат экен досум.
Кааларым сага ден соолугуң болсун.
Мазмуну ушундай бул тосттун.
Барга көппөй жокко чөкпөгүн досум,
Баары өтөт баары калат экен досум.
Кааларым сага ден соолугуң болсун.
Мазмуну ушундай, мазмуну ушундай,
Мазмуну ушундай бул тосттун.

Пайдаӊа карап дос болсо,
Акыры бир күн кас болот.
Достуктун антын сатпаган,
Дос деген сендей дос болот.
Дос деген сендей дос болот.

Кайырма:

Ширелген достук мамиле,
Ишеним менен коштолот.
Достуктун чебин бузбаган,
Дос деген сендей дос болот.
Дос деген сендей дос болот.

Кайырма:

Комментарийлер (18)

10.10.2016. 22:25
 Nurlanchik
чоооон рахмааат Супер Инфо!!! ушул ырды кутуп атат элем... тексттин дагы жазып койгула! Ошондо азамат болосунар))
10.10.2016. 22:42
 marya91
Жакшы иштеп чыгыптыр соз жок
11.10.2016. 02:17
 Aiboy0993
Чоон рахмат супер инфо ушу ырды кутуп жаттым эле ийгилик ишинерге
11.10.2016. 18:28
 ulanbek2000
Урматтуу админ.
Нурлан Насиптин Женеке деген ырын жуктогулочу
12.10.2016. 21:26
 zairbek09
зор чыгыптыр
14.10.2016. 18:35
 Zein
Замир Мырзанын - Алло алло Апакем деген ырын таап бересиздерби
22.10.2016. 11:19
 Taha_89
Сонун ыр экен жаштыкты эске салып досуна болгон мамиленди озгорткон
23.10.2016. 20:53
 dastan_nookat
Ох керемет ыр!!
21.11.2016. 01:02
 suiuu345
Эң сонун ыр болуптур! Админ тексттин жазгылачы сураныч?
27.11.2016. 09:19
 suiuu345
Дагы деле текстти жокко?
27.11.2016. 10:43
 Myrzaw98
сонун ыр
02.12.2016. 20:47
 Apyyke
Бек Борбиевдин ырлары суперде жокко. Автор оз каалоосу менен бут алдыртып коюптур. Ошон учун жок болсо керек теести....
05.12.2016. 02:28
 yrys2000
аябай сонун +5
18.12.2016. 11:58
 Sabyr_Baymatov
5
07.01.2017. 16:49
 belka0414
сонун клип сонун ыр.Талан 60к азаматсын.....
11.01.2017. 00:00
 gulzada...ruslanova
Эн сонун. Соз жок супер. Ыр да обону да аткаруусу да жакты
14.01.2017. 18:48
 kilim
Супер супер жана да супер
28.02.2017. 15:05
 Guli_0698
Саламатсызбы админ! Акылай Абдалиеванын "Кечир мени" деген ырын кайдан тапсам болот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо