Айымжан, Жийдеш "Эки канат"
04:03
3,7 Мб
Жүктөлгөн: 31-10-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Акбар Кубанычбековдуку
Обону:Андрей Догайдыкы
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(4 добуш)
Канат күүлөп учтук биз уядан,
Кайда болсом дагы жараткандан,
Жакынымды сакта деп суранам.
Жанын сактай жүр,
Жүзүн каптап нур
Барсың асманымдын ачыгына,
Теңдеш бир боорумдун жарымына,
Билем сен жетесиң бакытыңа.
Сен бакытыңа,
Сен бакытыңа.

Кайырма:
Жолукканда күтүп, жанынан шаң тараган,
Сөз түгөнбөй күлүп, сүйлөшүп тажабаган.
Эже-сиңди болуп, ээрчишип биз жүрөлү,
Эң жылуу бул сезим жүрөктү аралаган.

Өчпөй бала кезде эсте калган,
Бакыт ирмемдерин кармай алгам.
Кандай бакыт бизге тең жаралган,
Сырдашканым сен,
Муң жазганым сен.
Жандап кыйын күндү унуттурган,
Далай жакшылыгың билип турам.
Дайым бул достукту бийик тутам,
Бийик тутам мен,
Билип турам мен.

Кайырма:

Сырларымдын эң көбүн,
Жалгыз бир сен билесиң ачып маанай.
Турмуш бизди бөлбөгүн,
Татып, ар дайым, дайым бакыт-таалай.
Бир туугандай

Комментарийлер (10)

31.10.2016. 21:03
 kg987
Админ элдик аудиого ыр жуктосом чыкпай жатат ко?
02.11.2016 15:44
admin_media
kg987,
Саламатсызбы!
http://www.super.kg/media/useraudio/177777/
02.11.2016. 01:35
 casperr
Орто
04.11.2016. 23:11
 orgochor14
Bolboso sonun yr boluptur. Ekoo ten jakwy . . . @}-}-
04.11.2016. 23:24
 Meka_altyshka
Текст барбы
04.11.2016. 23:25
 Meka_altyshka
Жийдеш, Айыма молодцы
08.11.2016. 21:34
 Shirinim345
Сонун
10.11.2016. 06:41
 BebeU
Aiymjan ozu yrdasa soonun bolmok eken.
09.12.2016. 02:47
 ilana
аябай таасирдуу экен.. мен синдим менен таарыныша кеткен куну ушул ырдын клипин коруп ыйладым эле..азаматсынар жакшы ыр болуптур
19.12.2016. 18:49
 joni98
Сонун азаматысынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо