Тата Улан "Чындык"
03:32
8,06 Мб
Жүктөлгөн: 08-11-2016

Бул ыр Семетей менен биргеликте аткарылган
Жанр: Поп
Сөзү:Семетей Күрөңкеевдики
Обону:Семетей Күрөңкеевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.17/5
(12 добуш)
Айта турган сөзүм бар сага
Укчу досум көңүл бурчу мага
Алыс жерге аттанып кеткем
Ачка болуп акча жок убакта

Азап көрдүм жашымды төктүм
Мен көргөндү сен көрбөй өткүн
Өзүмө окшогон жетимдер менен
Өлбөстүн күнүн бирге өттүм

Кудай деген кур калбайт билем
Бирок кайсы Кудай мени менен?

Кайырма:

О-оо, Жараткан!
Жалбарам, жарык бер!
Баратам, сени издеп,
Караңгы жол менен.
О-оо, Жараткан!
Жалбарам, бакыт бер!
Пендеңе, элинен,
Аргасыз адашкан.

Байлык издеп башка жерлерден
Бакыт издеп башка элдерден
Башка калктын жараны болдуң
Башты тарттың үйгө келгенден

Балдарыңар тилин унутту
Билсе экен кыргыз улутун
Билинбестен миңге чачырап
Болбосо экен дилин унутуу

Өзгө элде өз болсоң деле
Өскөн жерге өлүгүң келет.

Кайырма:

Бүгүн ачка, эртең ток болор
Бүгүн байсың, эртең жок болор
Бүгүн үйдөн алыс кеткендер
Бир күн буйруп кайра топтолор

Бүгүн эмес эртең бүт болор
Бүгүлбөгөн элге күч толор
Мага окшогон миң деген кыргыз
Мекенине кайтып кут толор

Кудай деген кур калбайт билем
Кур намысты курчанып жүрөм

Кайырма:

Комментарийлер (24)

08.11.2016. 18:56
 Patriotkgz93
Э брат көрүнбөй калдыңызго. Ырыңызды уга элекмин бирок алдын ала +5 койомун
08.11.2016. 21:42
 Jyldyzbek09
Супер
08.11.2016. 22:24
 ulukbek8990
Самай байкем го
08.11.2016. 22:39
 Zvezda.KGKG
Тата Улан корунбой кеттинизгоо
08.11.2016. 23:58
 jigitaly
Админ Гулжигит Сатыбековтун Омурдо ойноп кулолу достор Омурду бизге байламак беле деген ырын жуктоп койо аласынарбы сураныч алдын ала рахмат
09.11.2016. 05:03
 Runio
Татако байке дух берчуу ырларынызды токтотбонуз
09.11.2016. 09:31
 a.m.akmoldoev
Саламатсыңарбы Super.kg
Нияз Абдыразаковтун "Кайрылбаймын" деген ырынын минусун таап бергилечи?
Алдын ала рахмат
09.11.2016 11:52
damir007
a.m.akmoldoev, http://www.super.kg/media/useraudio/137745/
09.11.2016. 11:55
 elmurat.kg
ээ байке сагынып кеттикко
09.11.2016. 11:56
 elmurat.kg
ээ байке сагынып кеттикко
09.11.2016. 21:59
 Djal1987
Кудай деген кур калбайт билем
Бирок кайсы Кудай мени менен? дегенин тушунуп болбойт. Бир эле Кудай бар да.
17.11.2016 10:09
sharolli
Djal1987, ал дегени вот именно ошол кайсы кудай деп башка динге отуп кеткенднрди айткан менин тушунушум боюнча..
09.11.2016. 22:03
 Djal1987
Калган создор таамай жазылган , азыркы мезгилдин койгойу.
10.11.2016. 02:42
 aibegim
Катардагы ырлардын бири
10.11.2016. 21:39
 kirgizstan
Админ сураныч жан суйгонум сага жетер кун барбы деген ырдын минусовкасын таап бергилечиии
11.11.2016 14:58
admin_media
kirgizstan,
Саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз: http://www.super.kg/media/useraudio/177523/
11.11.2016. 19:27
 kuli88
Тексти жакшылап маани берип карап кайрадан иштеп чыксанар жакшы болмок,айрым жерлерине тан калдым
12.11.2016. 00:34
 Nur1k
Тата улан лучший! Патриоттук ыр!
12.11.2016. 03:22
 aitenir
Чындык мен жонундо
13.11.2016. 08:01
 Qnet
Кайсы Кудай дегени туура эмес,калганы сонун
15.11.2016. 14:29
 Nusu9898
"Кайсы кудай". Улан байке башкасы айтса да сизди мындай дейт деп ойлогон эмесмин. Башка создору эн сонун бирок обонуда бираз окшошбой калыптыр
17.11.2016. 10:10
 sharolli
Бул Тата Улан эмеско голос такыр эле башкача
17.11.2016. 14:43
 Il9s
тата улан 2-куплетин ырдайт
18.05.2018. 14:47
 boss79
Кайсы кудай деп туура эмес боолуп калыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо