03:44
3,44 Мб
Жүктөлгөн: 13-01-2009
Бул ыр Алтынбек Алымов менен биргеликте аткарылган
Сөзү:А.Алымовдуку
Обону:А.Алымовдуку
Көчүрүү
Канатың тарап кечинде,
Уяңа конгон кезиңде.
Уурданып барып, ак кушум, 2 жолу
Уяңдан күтөм кечинде.
Койкоюп тосуп төшүңдү,
Коюнуңа чакыр өзүмдү.
Кор кылбай башка бирөөгө, 2 жолу
Колдоп кой менин сөзүмдү.
Толкутуп сүйүү деңизин,
Куюндай буздуң тегизин.
Толкунум согуп турууга, 2 жолу
Аска-зоо болчу, эгизим.
Эби жок согуп жүрөгүм,
Эзилип күндө жүдөдүм.
Эстеген сайын өзүңдү, 2 жолу
Эсимден танып жүрөмүн.
Комментарийлер (59)