Рыспай Абдыкадыров "Алмашым"
03:51
3,53 Мб
Жүктөлгөн: 05-08-2010
Жанр: Ретро
Сөзү:Р.Абдыкадыровдуку
Обону:Р.Абдыкадыровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.80/5
(5 добуш)
Билбейм, неге кетпей койдуң эсимден?
Бир кездеги бирге жүргөн, Алмашым.
Элестериң көз алдыма тартылыт,
Эртели-кеч эсимдесиң, Алмашым.
Жок дегенде бир көрүнүп койсоңчу,
Алыссыңбы, жакынсыңбы, кайдасың?

Көргүм келип, сени дегдейт жүрөгүм,
Качан сага жолугамын, Алмашым?
Кабарыңды айтып койсоң кыйнабай,
Кайран жүрөк кайгы тартып калбасын.
Кайда экен деп тынчым кетип ар убак,
Карбаластап таппайм жандын аргасын.

Энчиң болсун эмгек жана махабат,
Эгер башта бассаң турмуш пардасын
Элге жаксын сен иштеген иштериң,
Эмне дейм, башка сөз жок, Алмашым.
Жарк деп дайым жанга сүйкүм мүнөзүң,
Жазгы гүлдөй жакшынакай жайнашың.

Комментарийлер (15)

05.08.2010. 15:24
 Aslana
Карачы,кандай сонун ыр! Рыспайдын озундой эч ким ырдайт албайт!
07.08.2010. 00:41
 super
Урматтуу чет өлкөдөн кирген форумчулар, бул файл ачылып жатабы же жокпу? Эгерде ачылбай жатса Ctrl+F5 клавишасын басып, анан проигрывать этип көргүлө.
07.08.2010. 09:00
 Meilin
kaisyl aida... kochurup alsak bolot??
07.08.2010. 09:13
 Meilin
rahmat super-infogo ushundai yrlardy kochurup turganynarga..alysta jursom dagy ushul yrlardy ukkan saiyn Kyrgyzstanda jurgondoi elestetemin ozumdu....chon yraazychylygymdy bildirem
20.08.2010. 19:21
 guanin
achylyp atat ele :)). rahmat ushundai yrlar uchun
20.08.2010. 19:22
 guanin
bul yrdy emnege kochurso bolboit?
23.08.2010. 13:38
 info
Ырды жүктөлгөндөн 30 күн өткөндөн кийин көчүрүүгө болот.Модератор түзөттү 23.08.2010 07:38
16.02.2011. 09:15
 taalai1008
sizderdin barynarga chon rahmat!!!!!!!!!!!
22.04.2011. 17:59
 ulankubatov
men Germanijadan bailaniwip jatam.
abdan sonun ir eken . birok ko4yrgondon kyiyn irdabai jatat. meniki baardik videlor ko4poi jatat. super info jardam bergile! Dep Ulan silerdi teren yrmattoo menen.
11.12.2011. 23:16
 katastrofa_2011_89
Рыспай Абдыкадыров- кыргыздын патриоту.анын ырлары эн зор ырлардан.молодец очпосун кыргыз инсаны.
14.04.2012. 20:03
 jhanibek
ммм да абдан жакшы ыр
26.06.2012. 19:13
 kenjebek.sharshenbie
Эх суйуу,суйуу...Кайран киши бирге болбой калган турбайбы? Кусалыгы,сагынычы ичте кетти го...
31.10.2012. 23:57
 chike87
Супер инфо ушул кишинин "Жоолугарым билгемин" аттуу ырын жүктөп коюшуңарды суранам.Рахмат алдын ала.
01.11.2012 09:50
admin_MiranA
chike87, http://www.super.kg/media/?type=audio&id=74643
19.04.2013. 00:42
 hasanasan
Алмаш деген эже азыр бар кара кулжада жашайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо