Жумабек Акбаров "Мага таарынба"
03:24
7,78 Мб
Жүктөлгөн: 19-12-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Капар Момуналиевдики
Обону:Жумабек Акбаровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(10 добуш)
Күздүн супсак күңүрт баскан таңында,
Келем жалгыз биз жолукчу кайыңга.
Кур кыялдар алып учат сезимге,
Күн элесиң турган өңдүү жанымда.

Баш коё албай өкүмүнө тагдырдын,
Бала сымал дүйнөм ыйлап кыйгырдым.
Башка жанды жандай басып көктөмдө,
Муздак күздө неге кайра кайрылдың.

Кайырма:
Кайра жагынба,
Күтүп сагынба.
Калды сүйүүбүз,
Жаздын таңында.
Кайра жагынба,
Күтүп сагынба.
Калды сүйүүбүз,
Жаздын таңында.

Ырым болбой муңум болуп бүтпөгөн,
Күндөр өтчү сенден күдөр үзбөгөн.
Өзүмдү алдап унутайын дегенде,
Кайра келдиң саргайыңкы күз менен.

Сендик сүйүү запкысынан эзилген,
Нур издейсиң түнгө түшкөн сезимден.
Кечир, гүлүм, өчтү биздин арзуулар,
Сунган колуң кармай албайм эми мен.

Кайырма:
Кайра жагынба,
Күтүп сагынба.
Калды сүйүүбүз,
Жаздын таңында.
Кайра жагынба,
Күтүп сагынба.
Калды сүйүүбүз,
Жаздын таңында.

Комментарийлер (20)

19.12.2016. 17:11
 aizada98
Красавчик. Создору маанилуу муңдуу ыр болуптур. Жумабек жакшы ырлардан жара бер.
20.12.2016. 01:56
 Azizbek.kg8
Мага жакты
20.12.2016. 07:31
 bema_
Jakwu yr jaratyptyr.
21.12.2016. 01:07
 Keremet008
Созу норм обон окшошпоптур
21.12.2016. 10:02
 lika_kg
Кайырмасы аябай жакты. Жеткиликтүү ырдаптыр!
21.12.2016. 18:33
 SuiMonkul58
Molades jakwu yrlardan jarata ber. Jaman emes kakwu boluptur
21.12.2016. 18:38
 B_M_W
Жакшы эле укса болот!
21.12.2016. 21:07
 Munar_Bek
Эх мен күткөндөй ыр болуптур. Ушул ырчы да жакшы ырларды чыгарып жатат байкасак. ийгилик
21.12.2016. 22:16
 StatUS
Bul yrda oto 4oon maani bar eken. Mende bolgon mundai okuia.
23.12.2016. 03:35
 KG.Kushtarbek
Соз жоок
23.12.2016. 11:23
 MARAT.OZGON
Мага аябагандай жакты молодец братик
23.12.2016. 14:47
 Minura98
Jumabek baikenin maaniluu yrlari kop. Bul keebir menmin yr4ulardyn yrlarina karaganda ozgo4o maani bar eken. Sizge bir gana iygilik.
24.12.2016. 00:48
 StarWars
Мына чыныгы ырдын маанилуусу ушундай болот. Алга Жумабек! Ырларын жакшы экен
24.12.2016. 13:43
 Aydina
Ырлары аябай жагат,чыгармачылык ийгилик!
24.12.2016. 13:58
 Aidyn_Kyzy
сонун ыр болуптур ийгилик
25.12.2016. 15:04
 Takai
Эргер чын эле ушул ыр силерге жаккан ыр болсо ХХХ ХХХМодератор admin_media түзөттү 2016-12-26 17:16:01
26.12.2016. 00:17
 Asel1994
Эң сонун ыр болуптур
26.12.2016. 17:17
 admin_media
maks94.kb, StatUS, Munar_Bek, Takai,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
08.01.2017. 02:57
 adi_ko.kg
Супер братан
02.02.2017. 12:14
 bema_
Алга Жумабек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо