Динара Тилекеева "Эй, кыздар..."
03:11
5,09 Мб
Жүктөлгөн: 28-12-2016

Бул ыр Гүлзина Мамаева менен биргеликте аткарылган
Жанр: Поп
Сөзү: Исирадин Аманбаевдики
Обону: Исирадин Аманбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Мөлтүрөгөн тунук булак шылдырап,
Назик желге жазгы жамгыр тыбырап.
Махабаттын өлбөс күүсүн терметип,
Тээ алыстан торгой үнү угулат, угулат.

Кайырма:
Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар,
Келбейлиби бак аралап бир басып,
Көңүлдөгү айтылбаган сырларды,
Чечпейлиби бирге олтуруп, сырдашып.
Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар,
Жүрбөйлүбү айлуу түндө бир басып.
Жымыңдашкан жылдыздардын алдында,
Кол кармашып сүйүү ырын,
Кол кармашып жаштык ырын,
Шаттык ырын ырдашып.

Кеч да кирди, көктө жылдыз жымыңдап,
Ай баратат сүйүү ырына ыр улап.
Ээнсиреп бак-дарактар арасы,
Кыз-жигиттер келсе экен деп шыбырайт.

Кайырма:

Комментарийлер (3)

02.01.2017. 13:35
 mamashovich88
Урматтуу супердин жамааты!
"Атасына баласы обок болот турбайбы,
Баласына атасы жолок болот турбайбы"
деген саптары бар ырды табышканга жардам берип коюнуздарчы коптон коп сураныч. Эгер жок болсо жуктоп коёсуздарбы. Алдын ала чоон ыраазычылык. (жооп кутомун)
02.01.2017 17:16
kilim
mamashovich88, Гулжигит Сатыбеков-Санат ыры
09.01.2017 12:30
admin_media
mamashovich88,
Саламатсызбы!
Айпери Кулбаева "Турбайбы" www.super.kg/media/audio/89921/
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо