Арзыбек Бедияров "Түшүмө кирдиң түндө сен"
03:34
4,9 Мб
Жүктөлгөн: 17-01-2017
Жанр: Эстрада
Сөзү:Б. Алыбаевдики
Обону:А. Бедияровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.20/5
(5 добуш)
Жыпар жыт каптап,
Дүйнөнү жибек жел эзген.
Жүрөгүм чакмак,
Жүлүндөн бери "дүрт" эткен.
Сел болуп каптап,
Нур болуп аппак,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Түшүмө кирдиң түндө сен.

Ак кайың бүрдөп,
Ажайып аалам тиктесем.
Толкуну түрмөк,
Айдың көл мына издесем.
Токтолбо жүр деп,
Толкунга мин деп,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Түшүмө кирдиң түндө сен.

Ак куулар учуп,
Канатын күүлөп бийиктен.
Көңүлдү буруп,
Кайберен жүргөн бийик бел.
Көл болуп чалкып,
Жыт болуп аңкып,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Түшүмө кирдиң түндө сен.

Комментарийлер (4)

24.01.2017. 00:15
 chynara-84
Эн сонун ыр.
26.01.2017. 07:41
 Lenin
Ваще супер
27.01.2017. 14:25
 elvira1980
Рахмат сиздерге ушул ырды кутуп аттым эле.Уй булобуз менен сиздин чыгармачылыгызды сыйлабйыз.Арзыбек байкенин ырлары керемет.Кудайым сизге узун омур берсин.Дагы да сизден жаны ырларды кутобуз.Чыгармачылыгызга Таазим!
13.07.2018. 20:20
 erkinay.s
Сонун ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо