Мирлан Баеков "Неберем"
03:58
6,34 Мб
Жүктөлгөн: 10-01-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Ж.Абдыраимовдуку
Обону:З.Көпболсуновдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(6 добуш)
Сен төрөлүп, неберем
Кемиди го керегем
Тосуп чыксаң жүгүрүп,
Тоодой толкуп кенейем.

Кайырма:
Айга-күнгө теңеген,
Алмаштыргыс сен элең.
Жүгүрөм деп жыгылсаң,
Жан бөлүнүп денеден
Сен аман бол, неберем.

Нурлап жарык күн-түндү,
Көп күттүм мен бул күндү.
Эч нерсеге кыйбаймын
Сенин таза күлкүңдү.

Кайырма:

Ачып көзүн булактын,
Ата жолун уланткын.
Чоң энеңди сүйүнтүп,
Чоң атаңды кубанткын.

Кайырма:

Ала-Тоодой бийик бол,
Ак мөңгүдөй тунук бол.
Айкөл болуп Манастай,
Кан Бакайдай улук бол!

Комментарийлер (9)

10.01.2017. 17:43
 moskyrsat
Укса болот
10.01.2017. 21:23
 Bek_abad
Админ Гулжигиттин Сатыбековту Мезгил барактары ырын жуктогулочу сураныч!
12.01.2017 00:06
erkekyz22
Bek_abad, http://www.super.kg/mobile/media/audio/154375/
10.01.2017. 21:33
 kilim
Жаны ыр жазбай калды го. Борончу Кудайбергеновго жетпептир
13.01.2017. 05:28
 erkeleim
ата тилегин армансыз уктукго ошол ырдын денгээлиндеги ырларды кутоор элем
17.01.2017. 02:11
 muni.98-98
Саламатсыздарбы урматтуу Админ мен бир ырды таппай журом жардам берип кое аласыздарбы сураныч кыскача тексттин билем '' Жашоо омур суйуу деген татаал нерсе турбайбы ай турбайбы жаштыгымда билбептирмин мындайды жаралган сон бул дуйного бир жолун ай бир жолу жараткан ай суйгонуно жете жете турган кылбайбы ''
19.01.2017. 01:50
 rma-akkuu
Сатаев ырдайт беле
03.07.2017. 18:08
 ulanik
Урматтуу админ ырынарга чоон рахмат мага тексти аябай керек болуп жатат жазып кое аласыздарбы чоон рахмат
04.02.2018. 23:22
 Ariet0404
Жакшы ыр уккулуктуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо