Нурлан Насип "Туулган күн"
04:28
7,15 Мб
Жүктөлгөн: 18-01-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Бек Борбиевдики
Обону:Бек Борбиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.11/5
(36 добуш)
Тулпар минген оо, жаштыктын,
Арбытат жолдорун жылдардын.
Түшүнүп кайрылбас күндөргө,
Муң кошуп бул ырды мен ырдаймын.
Тизгинин тартамын жаштыктын,
Ал жетпейт адбырып барамын.
Туулган күн кече эле өткөндөй,
Бүгүн кайра тосуп мен турамын.

Кайырма:
Куйгула досторум шараптан,
Ой басып, буулугуп мен баратам.
Билемин себепкер мезгил го,
Дайрадай шар аккан,
Дайрадай шар аккан,
Дайрадай күчү зор шар аккан.
Себеле, себеле, себеле ак жамгыр
Билинбей кошулду го дагы бир жыл
Энекем үчүн деп мен бүгүн
Ырдаймын жаңы ыр, ырдаймын жаңы ыр.
Ырдаймын мен бүгүн жаңы ыр.

Анда мен жаш кезде ой менен,
Өтүптүр көп күндөр той менен.
Туулган күн белгилеп мен бүгүн,
Армансыз жаштыкты кое бергем.

Кайырма:

Комментарийлер (79)

21.01.2017. 23:21
 Nukeww
"кыялымды өзүнө тартылып сезим эргиткен,кызгалдактай жыттайын кызыл эрдинден"ушул саптар бар ырды ким ырдайт? ким билсе айтып коесуздарбы? сураныч.
22.01.2017. 20:11
 _RoMa_
Жакшы чыгыпты..
23.01.2017. 09:18
 Talgat_Osh
Супер
23.01.2017. 13:50
 tatulei
Kurstan-ali суранган Т. Арапбаевдин Нурзия деген ырын менда суранат элем. Мункунчулук болсо жуктоп коюнуздарчы.
26.01.2017 12:27
admin_media
tatulei,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
23.01.2017. 20:20
 erkeleim
ушул ырлар менен откорчубуз туулган кундорду Бек байкеге таазим)))
23.01.2017. 22:28
 Nurlanchik
тексттин жазып койгулачы!!!! Сураныч
24.01.2017. 00:13
 dastan_nookat
Сонун ыр жагымдуу
24.01.2017. 11:11
 Aidyn_Kyzy
соз жок сонун
24.01.2017. 13:25
 Bolot.Bakas
Super
25.01.2017. 12:52
 NURbek96
Жакшы ырдаптыр
25.01.2017. 18:04
 Marjan92
Нурлан Насип ото жогорку денгеелде ырдапсын
25.01.2017. 20:16
 alaichiev
Админ биз жургон айлуу тун кайда секетин болуп кетейин болуп кетейин корунуп койчу Бир кайра деген ыр бар экенго Ким ырдайт киргизип койгулачы сураныч
26.01.2017 11:42
GOLOS
alaichiev, ЭЛЕС тобу "Кайдасың?" www.super.kg/media/audio/76655/
25.01.2017. 23:48
 Bekish-kg
Коюп,угуп кордум,чото таныш обон,таныш стил,журогум ырдап кирди дароо,кийин авторун окусам,озумдун кумирим Бек Борбиевдики экен,ойлодум нурик мындай журокко тыз этип тийген ыр жаза албаса керек деп,бирок жакшы эле ырдаптыр:)
26.01.2017. 01:08
 Bakytjanbekk
Супер. Ишине ийгилик
26.01.2017. 01:09
 Bakytjanbekk
Ийгилик сага Нуке
26.01.2017. 10:03
 islam2016
жакшы жакшы
26.01.2017. 12:47
 zhumagul89
Админ Расул Маматкуловдун .,, Корушкончо,, деген ырын жуктоп коюнуздарчы.
13.02.2017 11:22
admin_media
zhumagul89,
Саламатсызбы! Расул Маматкулов "Көрүшкөнчө" www.super.kg/media/audio/87811
26.01.2017. 18:04
 alaichiev
Рахмат одуши
27.01.2017. 09:16
 Ashka
Соз.жоок супппер
27.01.2017. 14:26
 kilim
Админ Достор деген ырын киргизип койгулачы
30.01.2017. 14:46
 atai9
достор деген ыры качан жүктөлөт
13.02.2017 11:24
admin_media
kilim, atai9,
Саламатсыздарбы! Аталган ыры даяр болгондо порталга жүктөлөт, сунуштарга рахмат!
02.02.2017. 16:43
 Tima07
создорун бир аз озгортуп койгонбу?
07.02.2017. 22:08
 Syimyk_KG
Сөз жок соонун Чыгыптыр
13.02.2017. 13:41
 Dayna
Joodarbeshimdin sen bakytka tatyktuusun yryn juktogulochu suranych
13.02.2017 14:58
admin_media
Dayna,
Саламатсызбы! Суранычты бир эле жолу жазсаңыз жетиштүү, сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
14.02.2017. 22:48
 Nurlanchik
Тексттин жазып койгула!
17.02.2017. 21:56
 Rasul94
Жакшы ырдаптыр 5 деген баа бул ырына
21.02.2017. 14:16
 smm
Мыкты!
07.04.2017. 09:55
 lolo.1
Сонун чыгыптыр
16.08.2017. 10:38
 Otserdsa_privet
Саламатсызбы, тестти сиз озунуз жазасызбы же автордон сурайсызбы? менин оюмча мындай болуш керек:
Тулпарын мингенмин го, жаштыктын,
Арбытат жолдорун жылдардын.
Түшүнүп кайрылбас күндөргө,
Муң кошуп бул ырды мен ырдадым.
Тизгинин тартамын жаштыктын,
Ал жетпей алдырып барамын.
Туулган күн кече эле өткөндөй,
Бүгүн кайра тосуп мен турамын.

Кайырма:
Куйгула досторум шараптан,
Ой басып, буулугуп мен баратам.
Билемин себепкер мезгил го
Дайрадай шар аккан,
ДOtserdsa_privet түзөттү 2017-08-16 10:57:57
16.08.2017. 10:39
 Otserdsa_privet
Дайрадай күчү зор шар аккан.
Себеле, себеле, себеле ак жамгыр
Билинбей кошулду го дагы бир жыл
Энекем үчүн деп мен бүгүн
Ырдаймын жаңы ыр, ырдаймын жаңы ыр.
Ырдаймын мен бүгүн жаңы ыр.

Айлантып жаш кезди ой менен,
Өтүптүр көп күндөр той менен.
Туулган күн белгилеп мен бүгүн,
Армансыз жаштыкты кое берем.

Башка форумчуларды да талкууга чакырам
Otserdsa_privet түзөттү 2017-08-16 10:59:23
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо