NON-STOP дуэти "Баары бир сени сүйөм"
03:09
5,04 Мб
Жүктөлгөн: 24-01-2017
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.33/5
(6 добуш)
Жүрөгүмдүн согушунан улам,
Жакын жүргөнүмдү сезип турам
Алыстаба, кетпе...
Алоолонуп күйүп жандым,
Айрыба деп алсыз жалынганмын,
Айып эми кимде?

Тагдырга багынбайм, жок, таарынбайм,
Сага таарынбайм
Илебин алдырбайт, жүрөк тандайт,
Жүдөп калбай.

Кайырма:
Баары бир сени сүйөм,
Баары бир сен деп жүрөм.
Баары бир сени сүйөм,
Баары бир сен деп жүрөм.

Каректериң жашоо берет мага,
Карай турчу суранайын кайра, издейсиң кимди?
Сезимиңден кубат алам,
Сендей жандан кантип алыстатам, каректеримди.
Тагдырга багынбайм, жок, таарынбайм,
Сага таарынбайм
Илебин алдырбайт, жүрөк тандайт,
Жүдөп калбай.

Кайырма:

Сүйөмүн дейсиң, жарыгым дейсиң,
Сүйүнтүп жаныма келбейсиң
Сүйүүнүн даамын тата албай калдым,
Тагдырымды сен билбейсиң
Тагдырымды сен билбейсиң
Ишенип сен сүйүү дейсиң
Тагдырыңды сен билбейсиң
Мен билбеймин, сен билбейсиң

Комментарийлер (12)

24.01.2017. 12:06
 jazira_92
Классная песня
24.01.2017. 14:43
 abdujafar
Жакшы эле экен чыдаса болот бир уканга болот
26.01.2017. 15:33
 Djal1987
Экоо качан уйлонот экен. Сонун паралар го
26.01.2017. 20:49
 NURbek96
Сонун го
04.02.2017. 11:19
 Meliana
Супер ыр.
18.02.2017. 14:54
 Rasul94
dastan_ nookat сенин тандоон аябай жакшы да экообуздуку кобу дал келет
25.02.2017. 11:06
 sheralievic...aza
Админ тексти жокбу
17.05.2017. 15:14
 askam
En sonun maga aiabai jagat
19.05.2017. 18:50
 imperatoritsa1
жакшы кором ушул экоону
07.11.2017. 07:48
 Djka
Admin sozdorun Juktop koigulachy suranych
21.11.2017. 16:08
 Djka
Rahmat Spasibo Teşekkür ederım
Sozdorun Kim juktoso da
12.01.2018. 06:14
 fanat_barsa
Укмуш !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо