Аваз Акимов "Сезим сыры"
03:47
3,5 Мб
Жүктөлгөн: 03-02-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Жаңылай Кекееваныкы
Обону:Эрлан Андашевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.75/5
(12 добуш)
Кубат алып ак сүйүүдөн жашап келемин,
Кулач жайып күтүп турат сенин элесиң.
Сагынычка, кубанычка, жипсиз байлап өзүңө арбаган,
Сезимимди жектебе, жүрөктү эзбе, жүрөктү эзбе,
Жүрөгүмдү эзбе, кыйнаба.

Кайырма:
Сезим термеген, канат сермеген,
Себебин билбей, жүрөсүң сезбей.
Сезим термеген, канат сермеген,
Себебин билбей, жүрөсүң сезбей.

Көздө бакыт учкундары сен үчүн жанат,
Карек толо сүйүнүчтүн жаштары тамат.
Күтүү, үмүт, кубанычка жипсиз байлап өзүңө арбаган,
Жетелеп кетпе, максатсыз жерге, максатсыз жерге,
Максатсыз жерге кайрадан.

Кайырма:

Комментарийлер (35)

03.02.2017. 20:42
 mambet.kamalov
мына мына мен гуткон ыр супер пупер болуптур балачак ырын гутобуз и карындашты да
03.02.2017. 21:00
 nur_zhoni
Нурмат садыров нурлан насип данияр эрматов ошолордун акыркы ырынан жакшы
03.02.2017. 21:39
 nurzat91
жакшы ыр экен
03.02.2017. 22:37
 leilekstan_1987
Костюмунду куйорманына бербей койгонун ушул ырын м.н унутта калат окшойт
03.02.2017. 23:59
 DGAikakg
Оркундой бериниз ийгилик
04.02.2017. 00:46
 Nur0701
Сонун
04.02.2017. 02:07
 Telman89
Оу мына ыр эмес Бекен!!!
04.02.2017. 02:10
 aiza.kyrgyzkyz
Молодец , онорун оркундой берсин иним. Максаттарына жет
04.02.2017. 12:19
 Perii90
Урматту админ.Адилет Азимов ырдаган "Суйуу кучу" деген ырды жуктоп коюнуздарчы
04.02.2017. 14:19
 Nursultan.m.n
Добуш берем Авазчик
04.02.2017. 15:08
 Motorola-Samsung
Угуп көрбөдүм, комментарий окуп эле жакшы ыр экенине ишендим
04.02.2017. 16:14
 Shirinim345
Соонун
04.02.2017. 23:03
 tinistan
сермеген деген созду биринчи угушум
06.02.2017. 06:15
 Usow
Көздө бакыт учкундары сен үчүн жанат,
Карек толо сүйүнүчтүн жаштары тамат.
Күтүү, үмүт, кубанычка жипсиз байлап өзүңө арбаган,
Жетелеп кетпе, максатсыз жерге, максатсыз жерге,
Максатсыз жерге кайрадан.ыр мен заказ кылгандай элего
06.02.2017. 12:40
 baltabai
Базар. Жок
06.02.2017. 12:43
 Ramzan24
Ар дайым эл суймончулугуно айланып журобер. Ийгилик
06.02.2017. 17:56
 Aizada.jashtyk
Жакшы уккулуктуу ыр болуптур.ийгилик
06.02.2017. 20:00
 yrys2000
вауу сонун . +5 абдан жакты
07.02.2017. 08:45
 marya91
Соз жок Сонун ийгилик
07.02.2017. 11:15
 kanat_myrza
Канат серпиген десе болмок, "сермиген" деген созду биринчи жолу угуп атам, жон эле бир нерселерди айта беришет. эптеп создор бири-бирине уйкашса эле болду окшойт
07.02.2017 11:55
Jakusya
kanat_myrza, туура окуңуз "сермиген" эмес, "сермеген" деп жазылып турат.
tinistan,
Ырдын сөзүн жазган автор катары сиздерге жооп бере кетейин.
"Серме, сермеген" деген сөз - учуу, алга карай умтулуу аракети менен канатты кыймылга келтирүү, канат кагуу, серпүү деген маанини түшүндүрүп, бул сөздөрдүн синоними катары колдонулат.
"Канат сермеп, бук болуп, Келатты учуп жагалмай" (Бөкөнбаев).
07.02.2017. 21:27
 apazov01
Мына сага бомба ыр болдуго уккандан тажабайтам мен. Ушундай ыр куттум эле Аваздан отто жактыыыыго
08.02.2017. 08:40
 KG_studio
Эң жакшы ийгилик
08.02.2017. 21:34
 Bekbosun7373
Ийгилик Аваз дагы жаны чыгармаларынды куто беребиз! Ыр Зынк!
09.02.2017. 21:54
 atai9
сонун экен жакты акыркы ырлары жакшы чыкты азаматсын клиип тартса сонун болмок
10.02.2017. 04:07
 dazhan
Красава абдан жакшы ыр болуптур
12.02.2017. 19:03
 take2802
Жакшы элего
12.02.2017. 22:49
 muni.98-98
Админ мага бир ырды табууга жардам керек болуп атат кыскача тексттин жаза кетейин Жашоо омур суйуу деген татаал нерсе турбайбы ай турбайбы жаштыгымда билбептирмин мындайды жаралган сон бул дуйного бир жолун ай бир жолу жараткан ай суйгонуно жете жете турган кылбайбы. Жооп учун алдын ала Рахмат!
18.02.2017. 13:27
 Rasul94
кубаныч сатаев арман дуйно
01.03.2017. 19:41
 adilet...97
Аваз Акимовдун Бала чак деген ырын киргизип коюнуздарчы?
24.04.2017. 19:45
 Ravelina
Саламатсыздарбы? Мен Аваз Акимовдун аткаруусунда Сыймык байкенин балалык чыгармасын жүктөп коесуздарбы сураныч? Ак терек көк терек деген саптары бар
25.04.2017 16:00
admin_media
Ravelina,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо