Тата Улан "Сур булутту аралап"
03:38
4,92 Мб
Жүктөлгөн: 15-02-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Тата Уландыкы
Обону:Тата Уландыкы
Көчүрүү
  • Currently 4.71/5
(14 добуш)
Эртең менен азанда
Уйку балын татып жатып
Энесинин койнунда
Кучагына башын катып

Бейиш кирди түшүнө
Кичинекей наристенин
Аруу жандын түшүндө
Жакындардын элестери

Кудайымдын бейиши
Жүзүн нурлантып кубантты
Периштелер чакырып
Жанын жаннатка узатты

Сур булутту аралап
Ажал канаттарын какты
Буйрук саатын өзгөртпөй
Кайтчу пенделерин тапты

Адамдар уктап жатса
Асмандан учак кулады
Кырк түтүндү бир сүрүп
Жерди жексен кыла салды

Тагдырлар талкаланып
Тирүүлөрдүн жашы акты
Кырк чыракты очүрүп
Элим кайгысына батты

Кекиртекке тыгылып
Демим денени туйлатты
Жашым көздөн чыга албай
Жарып жүрөктү сыздатты

Сур булутту аралап
Пенделер көккө узады
Наристелер бейиштен
Түш көргөн бойдон кайтпады

Не кылалы бул буйрук
Кайрат кылгын алтын элим
Тең кайгыны бөлүштүк
Мындан артык эмне дейин

Аман калган Жакшылык
Бул Кудайдын белгисиби
Сага мага окшогон
Тирүүлөргө эскерттиби

Бизди күткөн убакыт
Бир заматта үзүлөбү
Өмүрүбүз кыйылып
Ичкен суубуз түгөнөбү

Түбөлүктүү эч нерсе
Бул дүйнөдө таба албайбыз
Анда неге умтулуп
Жакшылыкты кыла албайбыз

Комментарийлер (13)

15.02.2017. 17:13
 Atabaev.kg.su
Тата Улан түзүксүң брат
15.02.2017. 17:53
 Omkaaa
Саламатсыздарбы админ. Мурунурак кайда элен корбодумго.
Менин жапжаш кезимде солкулдаган. Деген ырды ким ырдайт айтып койгулачы алдын ала рахмат.
15.02.2017. 18:18
 Erik.0296
jakwy jakwy
15.02.2017. 19:08
 jigitaly
Жакшы
15.02.2017. 22:44
 Samina007
Өөүх аа,дагы бир өнгүрөп ыйлап алдым укканымда.бейиштерин берсин жаратканым.Сабыр кылыңыздар кыргыз журтум.Питерде метродо кетип жатып угуп көзүмөн жаш кылгырат.Аттиң ай Жакшылык жаша уулууум
16.02.2017. 03:51
 Zvezda.KGKG
Ыр сонун Тата Улан жоголуп кеттиниз го дагы чыгармаларды кутобузМодератор admin_media түзөттү 2017-02-16 14:14:26
17.02.2017. 16:25
 Adi.Avazbekov
Ex munduugo jailary jannattan bolsun
18.02.2017. 00:53
 Amir2010
Жакшы ыр экен ))) бар болунуз.
18.02.2017. 00:58
 salamat93
Жакшы чыгарыптыр
18.02.2017. 21:05
 Timka98
Журокту сыздатып жибердиго
19.02.2017. 17:34
 rusadyrov
Түбөлүктүү эч нерсе
Бул дүйнөдө таба албайбыз
Анда неге умтулуп
Жакшылыкты кыла албайбыз эх.. сөзү обунун сындоочу Ырчы да жазуучу да эмесмин эң негизгиси абдан маанилүү экен
21.02.2017. 16:53
 Nemo_0587
Саламатсызбы Админ, Эстебестин Анделек деген ырын кайдан тапсам болот.
24.02.2017. 03:25
 jazi0306
Мааниси терең ыр экен, мага жакты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо