Сема "Туулган күн"
04:02
3,71 Мб
Жүктөлгөн: 17-01-2009
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Периси болуп ааламдын,
Жылдыздай жансын маанайың.
Сүйкүмдүү жүзүңдөн, нуруң төгүлүп,
Тазарып турсун таалайың.
Түгөнбөс бакыттын жүзү көрүнүп,

Кайырма:

Алтыным менин,
Жаркыным менин.
Туулган күнүң кут болсун сенин!,
Татына дайым.
Жыл өткөн сайын,
Туулган күнүң кут болсун жаным.

Ак тилек айтып мүрөктөн,
Арзууну сунам жүрөктөн.
Бакытка бөлөнүп бүгүнкү күнү,
Орун бер сүйүү түнөктөн.
Сунайын кабыл ал,
Махабат гүлүн.

Кайырма:

Туулган күнүң менен жаным,
Бакыт сага каалайм дайым.
Сүйүүмдү бир сен,
Сүйүүктүүм десем.
Келесиңби жаным,
Келесиңби жалгызым?.
Бакытым өзүңсүң сен,
Бул жашоодо издеген.
Көздөгөн көзүмсүң сен,
Сүйүүдөгү из менен.
Бүгүн төрөлгөн, пери өңдөнгөн,
Куттуктаймын сени туулган күнүң менен жаным!.

Комментарийлер (10)

17.01.2009. 20:31
 Erkeaiym
jakshy kaaloolor menen jakshy jazylgan eken...
17.01.2009. 23:21
 ананас
мдээээ. Музыканы уурдабай озу жазса болмок. Парам пурум пурум пурум
18.01.2009. 16:25
 лунка
Жакшы ыр экен.Жакшы ырдаптырсын азамат!Эмне бул ыр урдалганбы я?
18.01.2009. 21:07
 troJAN
Озунчо эле журокту "трогает" го... :) Жакшы эле ыр экен!!!
19.01.2009. 14:07
 DaniMiX
Тууй, ата!!! Албетте, Семанын жакшы ырлары аз, бирок, бул "анча эмес" ырларынын санын дагы бир ырга к8б8йтуптур... :( Ушундай ыр "трогает" болсо, анда эмне дешти да билбейм... Эптеп-септелген ыр!!!
20.01.2009. 11:57
 leila
нормально
20.01.2009. 12:22
 МээримКа
нормально=)
Сам Сема-харизматичный парень=)
20.01.2009. 13:00
 Зарема
Семага мындай ырлар анча жарашпай калат экен!
21.01.2009. 21:13
 ХАНЗАДА
ммм точка, бомба деген ырына караганда жакшы.
16.02.2009. 08:19
 TEBETEi
SAMARBEK AKA boptur emi artic bolsonuz ele ma6inany basyp aida6 kerek emecta! Men jon ele Kunduz m-m ele tany6ain degem,toktoboi aidaisyzda mersti atak patak bizdiki BMW540i.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо