Чыңгыз Турдубеков "Гүзал кыз"
03:37
3,31 Мб
Жүктөлгөн: 23-02-2017
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.33/5
(6 добуш)
Ар ким айтат сүйгөнүн,
Акылына түйгөнүн.
Ашык бир болуп жете албай,
Арасат күндө жүргөнмүн.
Мен дагы айтып берейин,
Ашыктыктан бир сабак.
Дак салдың ууз жүрөккө да дарт, из,
Гүзал, ак тамак.
Күрдөлүү жаштын иши экен,
Күсөдүм сүйүү чарбагын.
Аманат жанга белек деп мен,
Ашыктык гүлүн кармадым.
Ана ошол гүлдү беришке
Мен Гүзалды издеп барганмын,
Булактан көрүп чак түштө,
Мен булбулдай абаз салганмын.

Көрдүм далай урууну,
Кечтим дайра - улууну.
Издеп бир келдим, Гүзал кыз,
Ышкыдар сендей сулууну.
Тааныбайсың сен мени,
Тарпи кылат эл сени.
Таанышалың ушул жерден,
Тартиптүү, Гүзал, кел бери.
Кыйланы көрдүм кыдырып,
Кара-Суу менен Чарбактан.
Каш-кирпигиң төгүлүп,
Карасаң кумар таркаткан.
Көкүрөккө өрт коюп,
Көк-жылдызын саматкан.
Жана да көптү көрмөкмүн мен,
Жаралган болсом канатчан.

Кал, калыңдан калыңдан,
Кайкалап бүткөн далыңдан.
Безеленген белиңден, ай,
Беш талдап өргөн чачыңдан.
Чачың көлдүн камышы,
Өзүңүздү сурасам, ай,
Эмгектүү элдин калысы.
Сураганым себеби,
Сүйбөй бир киши келеби?
Сыпайынын жайында, ай,
Билбей бир киши келеби?
Зыяда болсоң, кулак сал, ай,
Зарымды угуп гүлүмдү ал.
Керек болсо, Гүзал кыз, сен,
Көрө турган күнүмдү ал.

Караңгыда жол бассаң,
Чырагың болуп жүрөйүн.
Күнүгө келип суу алган,
Булагың болуп жүрөйүн.
Кайда барсаң жаныңда мен,
Ынагың болуп жүрөйүн.
Жашырбастан ачык айт,
Эмне болсо оюңда,
Жүрөгүнөн илинген, ай,
Туткунуң менмин торуңда.
Кыйнасаң да өзүң бил,
Сыйласаң да өзүң бил, эй,
Тагдырым сенин колуңда

Комментарийлер (18)

23.02.2017. 19:28
 Ali-han
Султан Садыралиев журоко жеткире ырдаган. Бул жигиттин ырдаганы жакшы эмес го. Тамака туз кошпой койгондой болуп калыптыр. Башка ырларды кутобуз!!!
23.02.2017. 20:22
 nur_zhoni
Эски ырларды ырдаша берет экенда
23.02.2017. 22:15
 Rasul94
достор эски ырларды ырдабаса ал ырлар унутта кылып калат да.булар ырдабаса анан кимдер ырдашат.болгону жакшы аранжировкалап кооздоп ырдашса.эгер туура тушунсон кайсы жаны ыр эсибизде калып айтат коп болсо 1жыл анан эле кайра жанысы.бул менин жеке оюм
24.02.2017. 01:18
 mirza
Аскат Мусабековдун Айданек аттуу ырын жүктөп коюңуздарчы админ.
24.02.2017 14:11
admin_media
mirza,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
24.02.2017. 11:13
 Solanum
Жакшы ырчы
24.02.2017. 13:53
 Alinka-Urmat
Султан Садыралиев соонун ырдайт!
24.02.2017. 21:30
 Begimkyz
жакшы ырдаптыр! мага жакты)
25.02.2017. 02:05
 joysin777
мен болгондо гузал эмес сулуу кыз деп которуп ырдамакмын
25.02.2017. 19:34
 Gulzarbek
Салам админ
Аксууйуго менда жете албай суйуу дайрасын кече албай арманда калдым туболук кайгымды тенге боло албай умутум сенден узо албай
Ушул ырды таап бересинерби сураныч.
26.02.2017. 14:44
 sabyrer82
Жакшы жакшы.
26.02.2017. 14:46
 Bekbosun7373
Жакшы эле болуптур гооо. Элдин баарына жагыш кайдаа?
26.02.2017. 17:13
 bekhandar
урматту админ анан супер форумчулар минусовкаларды кайдан жуктойм же кайдан табам
26.02.2017. 21:46
 Marjan92
Жаккан жок
27.02.2017. 00:51
 bolotbekovic
Жаккан жок,
27.02.2017. 01:14
 salimbek87.kg
Саламатсыздарбы мен бир ырды таппай келем ким билсе айтып койсунчу МЕН СЕНСИЗ ЖАШАЙ Албайм деген ыр ,алдын ала рахмат.
27.02.2017 07:54
kilim
salimbek87.kg, Сапар Айбашов ырдайт
Комментарийлерди жашыруу
28.02.2017 11:31
salimbek87.kg
kilim, рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо