Азиза "Кызыма"
03:58
6,36 Мб
Жүктөлгөн: 03-04-2017
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Карлыгач канат карагым.
Кадырлуу болсун кадамың
Бактылуу кылсын түбөлүк,
Баш кошуп жаткан адамың.

Айланам алтын чырагым
Аңкыган жыттуу бурагым.
Атаңдай сыйлап-урматтап,
Алдынан өтпө куданын.

Бакыттын учкан кушундай,
Барагой турмуш ушундай.
Өксүтпөй баккын апаңды,
Өзүнүн тууган кызындай.

Калтырбай ушак-айыңга,
Кадырлуу болгун кайыңга
Чыккан кыз чийден тышкары,
Чынардай көктөп, байырла.

Бактылуу болгун жан кызым,
Балбылдап жанган ай кызым.
Бактыңа жазган бүлөңдү,
Бапестеп сыйлап ал кызым.
Барагой, эми бар кызым.

Комментарийлер (11)

03.04.2017. 10:16
 Rasul94
ыр деп ушуну айт.Азиза унун сонун.рахмат админ
03.04.2017. 18:44
 Gdosalieva1
Соонун ыр экенго
03.04.2017. 22:19
 YmYtka
соонун ыр болуптур Азиза эже,Чыгармачылыгынызга ийгилик,,,ырдын текстин жазып койосунарбы суранып?)))
04.04.2017. 03:49
 nurzada78
Мааниси терен,маанилуу болуптур!
04.04.2017. 07:53
 asel87
Соонун супер Азиза эже азаматсыз токто ырдаганыс жагат
11.04.2017. 23:39
 jyzka87
Супер инфо, ырдын текстин жазып коесуздарбы?
25.04.2017. 23:13
 Guli_97
Админ Азиза эжекенин аткаруусундагы кызыл гулум ай чыгармасын кошуп коесуздарбы сураныч
02.05.2017 12:23
admin_media
Guli_97,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
07.05.2017. 18:54
 sabyr86
Уккан кулакттын моокумун кандыра турган ыр экен,Азиза рахмат сага
10.09.2017. 19:10
 Ali.na9595
Соонун ыр болуптур мааниси терең
08.02.2020. 02:23
 Shahrizaada
Фермер жигит, гитарист, балалык деген сыяктуу жакшы ырлары бар эле, ошол ырларын жуктоп койсонор сураныч. Ошол ырлар менен чонойдук эле биз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо