Аскат Мусабеков "Күтүү"
03:23
3,11 Мб
Жүктөлгөн: 09-08-2010
Сөзү:А.Эгембердиевдики
Обону:К.Рыскуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.56/5
(16 добуш)
Бийиктен түшкөн мөлтүр суу,
Берметтей күнгө жалтырап.
Сездирип салкын илебин,
Аскага тийип жанчылат.
Манаттай күйүп кыр жапкан,
Жел өпсө тоонун гүлүнөн.
Капчыгай өңдүү күүлдөп,
Алдастайт менин дүнүйөм.
Алыста жүргөн жан курбум,
Жарыма окшоп өзүмдүн.
Көзүмдөн учуп карааның,
Өрүктөй болуп эзилдим.

Көргөзбөй коюп таптакыр,
Жетүүгө мага туш кылбай.
Көкүрөк санаа, көңүлдөр,
Камоодо калган туткундай.
Жарыгы болгон мезгилдин,
Жарымы күн да, жарымы ай.
Тагдырдан күтсөм неликтен?
Таптырбай кеттиң, жаным, ай.
Кыйчалыш жолдун айынан,
Калсам да мезгил өткөрүп.
Өзүңө бирөө көз салса,
Өрттөнүп кетем, өрттөнүп.

Шуулдап күмүш бариктер,
Жел жүрсө муздак сыдырым.
“Сагындым сизди, агай”,- деп,
Жалооруп чыкты шыбырың.
Көңүлгө түшүп көп санаа,
Көзүмдүн жашын кулатып.
Колдоруң булгап канаттай,
Карааның турду узатып.
Кең дүйнө болуп керемет,
Кебимдин таппай кыябын.
Калкылдап барам кайдадыр,
Каркыра болуп кыялым.
Калкылдап барам кайдадыр,
Каркыра болуп кыялым.

Комментарийлер (48)

20.08.2010. 01:36
 jozassky

Сөздөрүн тыңшап жазып көрдүм. Туурабы? Чекит ж.б. коюп бергилечиБийиктен түшкөн мөлтүр суу берметтей күнгө жалтырап
Сездирип салкын илебин аскага тийип жан чылап
Манаттай күйүп кыр жапкан жел өпсө тоонун күлүн Модератор түзөттү 06.09.2010 07:19
20.08.2010. 01:39
 jozassky
Алыста жүргөн жан курбум жарыма окшоп өзүмдүн
Көзүңдөн учуп карааның өрүктөй болуп эзилдим

Көргөзбөй коюп таптакыр кетүүгө мага туш кылбай
Көкүрөк санаа көңүлдөр камоодо калган туткундай
Жарыгы болгон мезгилдин жарымы күн да жарым ай
Тагдырдан күтсөң меликтен таптырбай кетти&
20.08.2010. 01:39
 jozassky
кеттиң жаным ай
Кыйчалыш жолдун айынан калсаң да мезгил өткөрүп
Өзүңө бирөө көз салса өрттөнүп кетем, өрттөнүп
20.08.2010. 01:40
 jozassky
Шуулдап күмүш бар иттер жел жүрсө муздак сыдырым
Сагындым сизди агай деп, чал ооруп чыкты шыбырың
Көңүлгө түшүп көп санаа көзүмдүн жашын кулатып
Колдоруң булгап канаттай карааның турду узатып
Кең дүйнө болуп керемет кебимдин таппай кыялын
Калкылдап барам кайдадыр каркыра болуп кыялым
Калкылдап барам кайдадыр каркыра болуп кыялым
28.08.2010. 00:47
 jozassky
Рахмат Супер инфо)
04.09.2010. 10:25
 jenishbek
Урматтуу админдер качан кочуроо алабыз???
06.09.2010. 13:21
 info
Медиа-порталга жүктөлгөн ырларды жүктөлгөндөн 30 күн өткөндөн кийин гана көчүрүүгө болот!
10.09.2010. 01:56
 aia-s
ммм Аскат аракет кылып журуп эми унун ачылыптыр байкашымча кичине класстан баштап кылган аракетиндин акырындык менен акыбети кайта баштаптыр дженнифер лопездей болуп. Азамат мындан да осуп онуго бер жаны жашы ХИТ болчу ырларынды кутом
18.09.2010. 11:50
 kutush
Аскат мырза мен баалаган ырчылардын бирисиз. Сиздей маданият ээлери бар экен кыргыз элим кыяматка чейин кыргыз болуп сакталарына ишенем.
27.09.2010. 17:02
 hiall
накта кыргызча ыр болуптур! "kutush", сиз айткан создорго кошулам. А.Мусабеков, А.Эгембердиев жана К.Рыскулов мырзалар, сиздерге чон рахмат!
27.09.2010. 17:10
 hiall
ырдасан коз жашын агыза койгон ыр эмес бекен, чиркин. созу, обону, аткарылышы баары сонун болуптур. тим эле махабат ырларын жазгын келет экен.
08.11.2010. 05:26
 Arstan
Тоого чыгып алып угууп отурсан ээ,сонун ыр болуптур.
04.11.2011 11:03
dina
Arstan, Тоого чыгып кыйкырып ырдасаныз андан сонун болот.
12.11.2010. 23:40
 aziku
Жакшы ыр экен!!!
11.12.2010. 14:32
 Baku
Ушул ырды жараткан инсандарга рахмат, ал эми ырды элге жеткирген Аскат мырзага андан да чон рахмат.

21.12.2010. 12:13
 fiesta
ur emes beken!!!
21.12.2010. 22:49
 fiesta
olo seksualnuy ur eken
12.01.2011. 11:37
 kinoshnik
Уважуха!
09.03.2011. 17:53
 aiguljan
сонун ыр экен!!! Азамат!
04.11.2011. 11:00
 zuzu86
Аскат азамат!!! Ушул ыры оооло секси ыр! :)
15.11.2011. 20:33
 zikonostra
дадил дадил
20.12.2011. 16:56
 asil-08
дадил дадил деген мага жакты жаштыктагы создор го жаштыкты эстеп кетим
13.02.2012. 14:21
 bahabala
калмурат байкенин кайталангыс обондору ай!!!!
09.12.2012. 19:26
 Jenish_kg1
Salamatsyzdarby superdin kyzmatkerleri jana kyrgyz kalkym! koreyadan 4on salam kyrgyz jigitterinen. mende bir suroo bar ele. Калмурат рыскуловдун yrlary emne u4un jok??? Je al kishi yr4y katary eseptelbeibi??? Bizden 4on surany4 Kalmurat Ryskulovdu da eske alyp koisonuzdar jakshy bolot ele...
10.12.2012 09:35
admin_media
Jenish_kg1,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
Комментарийлерди жашыруу
28.12.2012 10:13
Jenish_kg1
Raxmat 4on! Yr4ylardyn tizmegine koshup koisonuzdar jakshy bolot. Egerde MP3 yrlaryn izdep jatsanyzdar fal'klordo yrdagan kyz jigitterde bar bolso kerek. 4on raxmat! admin_media,
28.12.2012 10:15
Jenish_kg1
Askat baikede dele bar bolso kerek.
28.12.2012 10:17
Jenish_kg1
Raxmat 4on! Yr4ylardyn tizmegine koshup koisonuzdar jakshy bolot. Egerde MP3 yrlaryn izdep jatsanyzdar fal'klordo yrdagan kyz jigitterde bar bolso kerek. 4on raxmat. Askat baikede dele bar bolso kerek..
28.12.2012 10:59
admin_media
Jenish_kg1,
Сиз сураган Калмурат Рыскуловдун ырлары
http://www.super.kg/media/?search_term=&search_author=941&media_search=1&x=9&y=5
30.12.2012 00:25
Jenish_kg1
admin_media, Raxmaat 4on! Ishterinizderge igilik
15.02.2013. 20:42
 Jenish_kg1
Kalmurat ryskulovdun"Аян берет" деген ырын кочуруп коюнуздарчы сураныч???
15.02.2013 21:36
admin_media
Jenish_kg1,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
22.03.2013. 10:28
 BNA
"Өзүңө бирөө көз салса,
Өрттөнүп кетем, өрттөнүп!!!!!!!" деген саптары мени эзилтип жиберет негедир...
02.04.2013 10:11
zuzu86
BNA, мени дагы....
26.04.2013. 12:56
 Doka
Урматту Супер Инфо Гезити! Сиздерден сураныч. Калмурат Рыскуловдун Аскат Мусабековдун аткаруусундагы "СЕНИН КАЙДАН ЧЫГАРЫНДЫ БИЛБЕЙМИН" деген ырын кошуп коюнуздарчы!!!
26.04.2013 14:44
admin_media
Doka,
Сунушуңузга рахмат жакынкы арада биздин сайттан уга аласыз)))
27.05.2013. 19:04
 don_mika
Талант Сыдыков Байкеникине окшош экен!!!!!Бирок голос ништяк
21.05.2015. 21:17
 Mali-Guli
урматтуу админ. аскаттын тунку ыр деген жаны ырын созу менен жуктоп коюнуздарчы рахмат
22.05.2015 20:01
admin_media
Mali-Guli, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
05.02.2017. 10:48
 YmYtka
сооонун ыр
13.06.2018. 22:47
 Aycolbek
Калмурат Рыскулов агабыздын кобунчо ырларын ырдап,ундуу болдунуздар.Агабыздын ырларын ырдап жургонунуздор жакшы,бирок Калмурат агабызга жок дегенде чакан эскеруу концерт берип койсонуздар болмок(ырларын ырдап жургондор)!...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо