Алмаз Шаадаев "Жаркырасын Кыргызстан"
06:32
10,47 Мб
Жүктөлгөн: 25-04-2017
Сөзү:Кудрет Тайчабаровдуку
Обону:Эдил Маматовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.38/5
(16 добуш)
Чейрек кылым өткөрдүк,
Эркиндикке эркелеп.
Алга жылбай келебиз,
Башкалардай эртелеп.
Союз кезде баарыбыз,
Тең укуктуу болчу элек.
Бай кедей деп бөлүнбөй
Бактылуулук көрчү элек.

Азыр жашоо өзгөрдү,
Акчалуулар кеп айтат.
Баш бербеймин эчкимге,
Баарын чечем деп айтат.
Келечектен коркомун,
Кандай заман келатат?
Кайра-кайра титиреп,
Кайгырганын жер айтат.

Ар бир атуул башына,
Карыз түштү калдайган.
Эл көрбөдү пайдасын,
Чоңдор өзү кайтарган.
Кайда кеткен ал акча,
Издебейли сайлардан.
Жинди деле түшүнөт,
Сураш керек байлардан.

Завод менен фабрика,
Жиликтенип жок болду.
Жыргап жүрөт саткандар,
Тоок уурдаган соттолду.
Бекем болбой тартиби,
Мыйзам байкуш бош болду.
Сойку сатып алгандай,
Алса болот сотторду.

Элден чыкпай депутат,
Байдан чыгып отурат.
Элпек болбой ал өкүл,
Каалагандай кутурат.
Иши менен кыйратпай,
Тили менен тутулат.
Мыйзам бузуп кармалса,
Пулун берип кутулат.

Мода кууп жаштарың,
Билим калды окулбай.
Сериал көрүп чоң эне,
Байпак калды токулбай.
Жемиш келип Кытайдан,
Жерлер калды чокулбай.
Балдар калды төрөлбөй,
Элдин саны кошулбай...

Артка кетип жатканга,
Ак үй эмес күнөөкөр.
Акыл калчап көрөлү,
Өзүбүздө күнөөлөр.
Азыр ыйман жок болуп,
Окулбайтат сүрөөлөр.
Жемин чачып башкарат,
Алыс жактан бирөөлөр.

Мамлекеттин кайгысын,
Парламенттен көрсөңөр.
Пулун алып шайлаган,
Күнөө бизде билсеңер.
Оңололу өзүбүз,
Үмүт менен жүрсөңөр.
Жүрөк менен шайлайлы,
Туулган жерди сүйсөңөр...

Акча алып кыйкырбай,
Эл жер үчүн чыгалы.
Жанды бакпай итке окшоп,
Элге кызмат кылалы.
Алаксыбай башкага,
Эл көңүлүн буралы.
Үлгү болуп жаштарга,
Ыйман нурун суналы.

Тартуу кылып бул ырды,
Тарых үчүн сыямын.
Оңололу баарыбыз,
Мен да өзүмдү тыямын.
Жаркын болот келечек,
Жакшылыкты туямын.
Жаркырасын Кыргызстан,
Жалгыз ушул кыялым.

Комментарийлер (31)

25.04.2017. 18:25
 jonne
Сойку сатып алгандар соту сатып алышат деген жери тамай айтылыптыр кыргызстандын сотору ушул ырды угуп койсонор жакшы болмок.ХХХ ХХХ айырмасы жоктурбайы корсо Рахмат жакшы чыгарма жакшы аткару Модератор admin_media түзөттү 2017-04-26 09:10:06
25.04.2017. 19:48
 Baatyr.ali
Чындык
25.04.2017. 20:58
 sabyrov.s
Жакшы чыгарма экен. Алмаз байке этият болуңуз сизди да камап салышпасын "ажыдаарлар"
25.04.2017. 21:39
 Rasul94
а балии бали ыр ото сонун.чын эле пейилге жараша баардык жакшы нерселер азайып баратат.ырда кооп нерсе катылыптыр айта берсек соз коп.жаркырасын Кыргызстаным
25.04.2017. 21:54
 Nur0701
Молодец
25.04.2017. 22:31
 alaika.kg
Ушундай таасирдүү ырдын текстин суратпай эле дароо жазып койсоңор болмок экен, урматтуу суперчилер!alaika.kg түзөттү 2017-04-25 22:31:45
25.04.2017. 23:34
 kilim
Чондор эми кысымга албаса болду
26.04.2017. 00:26
 Jaziko80
Эн сонун. Азаматсын ийгилик. Кудайым колдосун ылаайым жакшы ыр болуптур.
26.04.2017. 03:02
 AzKumFerDan
Таамай айтылган экен
26.04.2017. 03:12
 Abdusamat.kg
Чындык ачуу болот . Акаев , Бакиев, Атамбаев уялыңыздар. Миллиондогон элдин турмушу силердин колуңарда эле . Эл үчүн эмне кылдыңар? Аркы дүйнөгө барганда жооп бере аласыздарбы ?
26.04.2017. 03:35
 Nursultan.m.n
Жакшы ..
Жер жузуно тынчтык
Качан..бири бирибизге толук ишенгенде гана тынчтык болот !!!
26.04.2017. 07:41
 sabyr86
Азамат элдин оюн жеткире айтып ырдаптыр.элге дагы жакшы кеңеш бериптир,ойлонгула элим сатылбайлы акчага.
26.04.2017. 10:16
 Gulirka.95
Soonun yr boluptur.
26.04.2017. 12:35
 aidarbek_ekb
Жакшы маанилуу ыр болуптур
26.04.2017. 16:41
 anuvar0903
Азаматсыз байке маанилүү ыр болуп
26.04.2017. 17:05
 anuvar0903
Көзүмөн жаш акты го жүрөк эзилип
26.04.2017. 18:05
 Bad-boy
Сөз жок.. Таасирдүү ыр болуптур
26.04.2017. 20:57
 Nadyrbekkg
Куранда элдин пейили кандай болсо ошондой президент келет деген биринчи өзүбүздү пейилибизди оңдойлу.
26.04.2017. 21:58
 Adivai
Эми бул ырды радие теледен койдурбайт. Чоңдорго тийешеси көп экен.
27.04.2017. 09:28
 k.anara
Ээххх,ырды угуп отуруп азыркы болуп жаткан нерсенин бары коз алдыма кайгылуу кинодой баяндалды.Абдан жакшы чыгарма болуптур журок титирете тургандай.Ар бир кыргыздын ичиндеги айтылбаган ойлору айтылгандай.Азамат.Чыгармачылык ийгилик!
27.04.2017. 10:15
 gulbastym.87
Чындык чыркыратып козундон жаш чыгарат керемет мааниси терен ыр экен.
27.04.2017. 10:55
 Ulan2601
Жаркырасын Кыргызстан!! Мыкты чыгарма болуптур
27.04.2017. 13:07
 aizahanza
Азыркы турмуштун таамай чындыгы.
Азаматсын Алмаз байке жеткиликтуу аткарыпсын
28.04.2017. 04:06
 Beka.sss
Ыр отто жакшы сапаты бирок гитарасынын ккуулор ырдын обону Наасат ыры деген ырынын обону
02.05.2017. 19:21
 Zynk.kg
Азаматсын элдин оюн ырга салып ырдапсын.
03.05.2017. 00:12
 stepboy
мен бул ырчыны анча баалабайт элем бирок ушул чыгармасы сонун журокту титиреткен ыр экен москвада журом сонун ыйлагым келди угуп азаматсын бирок этият бол АША любоюн камап жатат эми ынсап берсин
05.05.2017. 04:10
 Elamanjanybekovkg
Баракелди Байке сизге ийгиилик
09.05.2017. 19:35
 Aselya_9105
Ачуу чындык. Эң жакшы чыгарма. Азаматсыз Кудрет байке.
17.05.2017. 01:09
 mergul
Чыгармачылык ийгилик
14.07.2017. 10:05
 Kymbatym456
Соонун азаматсыз
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо