Данияр Эрматов "Көңүлүмдөн калдың"
03:34
5,7 Мб
Жүктөлгөн: 27-04-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Акбар Кубанычбековдуку
Обону:Асан Пердешовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.57/5
(23 добуш)
Көңүлүмдөн калдың,
Карегиңе кошулуп айлансам да,
Көңүлүмдөн калдың,
Көлөкөңдөй жаныңа байлансам да,
Көңүлүмдөн калдың.
Көңүлүмдөн калдың,
Канатымды сындырып айлам канча,
Көңүлүмдөн калдың,
Кош акуудай бир учуп байралганча,
Көңүлүмдөн калдың,
Көңүлүмдөн калдың.

Кайырма:
Ыйласада жүрөгүм амал жок,
Сени унутамын,
Оюн кылган ал сүйүүң жалган, жок,
Сени унутамын.


Суранарым жалгыз,
Эски дартым ырбатып жолукпагын,
Эми сүйүү баргыс,
Артка кайтпас сезимдин жолундамын,
Ар кадамым алсыз.
Көңүлүмдөн калдың,
Сунган колум атайын байкабадың,
Көңүлүмдөн калдың,
Сүйөөрүмдү канча ирет кайталадым,
Көңүлүмдөн калдың,
Көңүлүмдөн калдың.

Кайырма:

Комментарийлер (44)

27.04.2017. 22:24
 Xvaran2
Кимдир бироонун так эле журогуно тийип сыздатып жаткандыр
27.04.2017. 22:26
 aravan.kg
Даяр бышкан ашты жеди койду
27.04.2017. 23:28
 FCB-MSN
Ыйлаба сен кыйнаба, анткени омур аз да,деген саптары бар эле. Бул ырды кайсы эжейибиз аткарган,сураныч билгендер болсо шилтеме берип койсонуздар. Рахмат
28.04.2017. 00:46
 Birimdik5555
Сонун ырдаптыр азамат
28.04.2017. 04:00
 Beka.sss
Данияр ырларында унунду коштогон музыкаларды бир аз акырыныраак чыгарып озундун нунду анан бассты кошуп кайырмасын удар менен врдасан болмок ошондо уккулуктуу болмок кайдагы чыйылдак музыканы сайратпай танцага тушушо албайтда сенин мындай кайгылуу чыйылдаган музыкана
28.04.2017. 08:22
 anuvar0903
Азаматсыз сонун!
28.04.2017. 12:28
 Kgstar96
Эх чо за пазор
28.04.2017. 16:48
 sabyr86
Плагиат))
28.04.2017. 22:00
 moskyrsat
Ушул бала башка эле иш кылбады да
29.04.2017. 11:20
 meni_gana_sui
Бир жакшына ырдаптыр го, мынчале тарланасыңар тооба, жакпаса укпагыла.
29.04.2017. 12:10
 langar
соз жок мага жакты казактар деле биздин ырды ырдап жатбайбы
29.04.2017. 16:53
 timur01
Daniyar erkeksin delai brat
29.04.2017. 16:58
 timur01
Bul ozubuzdun ele yr ailanaiyndar bilip bilbei yzyldai berbegile makulbu.
29.04.2017. 17:16
 Aiperi1122
Казакчасы жакшы эле..
29.04.2017. 21:24
 kanykei93
Жакшы ырдаптыр
30.04.2017. 03:09
 aqua-94mema
Мага аябай жакты тексти чындыгында соонун экен. Казак болобу озбек болобу ырдаса болду да. Эн негизгиси жакшы ыр болуптур.
30.04.2017. 06:24
 mirba93
Жакшы ырдаптыр ошо которуп ырдаштын озуда мээнетда кимдир бирогоо жакпайттыр мага жакты лично зынк демекчимин
30.04.2017. 07:11
 kilim
Жакшы ырдаптырсын Данияр
30.04.2017. 12:07
 Boss.Kalina
Зыңк
01.05.2017. 12:43
 Rasul_Rahmanaliev
Жакшы ырдап,ыр жаздырып келе жатып, казакчаны ырдабай эле койбопсун досум.Бирок аракетине бали! Жакшы! Бирок изден!
03.05.2017. 01:37
 Dilbaranurdinova
Жанылмачкооо
04.05.2017. 11:59
 asia_asia
Негизи бышкан ишке сынчы коп дейт, озубуздун колубуздан келбеген нерсени бироо жасаса сындап жатып калабыз, менимче жакшы эле ыр болуптур.
04.05.2017. 16:35
 a.raeva
Ыр мага абдан жакты. Казакчасаы болсо ким ырдайт айтып койгулачы.
04.05.2017. 22:35
 Jangazy
админ тима мукашевдин сен деген ырын кошуп коюунуздар
05.05.2017. 01:13
 Dastan.98
Эн сонун
05.05.2017. 13:15
 Puwkin
Алга жана алга,эн жакшы!
11.05.2017. 13:20
 Asol.Aslo.
Казакчасы жакшы чыккан... кыргызчасын угайынчы казакча уккандан коро- десем эч эле окшошпой койду бул ыр...
12.05.2017. 12:12
 JemesRodrigues
Кайрат Нуртастта Баралмадым деген ырды ырдап журотко ошол эле Ильяздын ырларын казактар ырдап журот созду кобойтпогуло мага жакты маанилүү экег
01.11.2017. 23:37
 aruusham
Оллло жакшы коруп угамын))))))
04.12.2017. 17:19
 adila_suimonkul
Казакчасын ким ырдайт? Аталышы кандай? Айтып койгулачы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо