Динара Акулова "Атын айтпайм"
03:57
9,04 Мб
Жүктөлгөн: 04-07-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Мырзалы Сыдыковдуку
Обону:Мырзалы Сыдыковдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Жагымдуу көздөрүңө көңүл бурам,
Жан эргип кубанычка балкып турам.
Качанкы ак сүйүүмдү эске салып
Көңүлүм сен тарапка тартат улам

Кайырма:
Ак сүйүүдөн алоолонуп чачкан жалын,
Аман жүрчү, асыл кечим, асыл затым.
Айлап, жылдап ашыктыгым арта берсин,
Атын айтпайм ал адамдын, айтпайм атын.

Комузду коштоп ырга салайынчы,
Колумда кызыл гүлдөй жайнайынчы.
Аскалуу бийик зоодо турсаң дагы,
Азапка башты байлап барайынчы.

Кайырма:

Жалындап кайра дагы жаралбаймын,
Жашоодо сендей жанды таба албаймын.
Өтүнөм кабыл алчы ак сүйүүмдү,
Өмүрдүн калган күнүн сага арнайын.

Комментарийлер (3)

05.07.2017. 09:07
 Sameriko
жакшы
05.07.2017. 16:03
 salamat93
Жакшы ыр екен мага жакты
12.07.2017. 11:39
 Pro100.aijana
Сиз учун деген ырын жуктоп коюнуздарчы сураныч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо