Малика Дина "Махабат"
03:10
7,22 Мб
Жүктөлгөн: 04-07-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Мырзалы Сыдыковдуку
Обону:Мырзалы Сыдыковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.57/5
(7 добуш)
Дабырап терезеге жазгы күүлөр,
Угамын кайрыктарын качанкы ырдын.
Ал түнү чарт ачылган ак сүйүүлөр,
Алдында дабыраган кол чатырдын.
Ал түнү чарт ачылган ак сүйүүлөр,
Алдында дабыраган кол чатырдын.

Тамчыга суктанчубуз биз ар качан,
Турбады ал сезимдер тунук бойдон.
Күкүктөп сен кайрадан чакырбасаң,
Жамгырлуу жакшы жазым унут болгон.
Күкүктөп сен кайрадан чакырбасаң,
Жамгырлуу жакшы жазым унут болгон.

Келемин баягы эле көктүү күндө.
Бирок сен кайрылбайсың туюп койгон.
Жашаймын ошол жаздын өткүнүндө,
А жамгыр баягы эле тунук бойдон.
Жашаймын ошол жаздын өткүнүндө,
А жамгыр баягы эле тунук бойдон.

Комментарийлер (12)

06.07.2017. 06:58
 Asan_Nookatk.kg
Эмилияын агама ырын жүктөп койгулачы
08.07.2017. 14:11
 ksb
Азамат кыз,накта мыкты ырчы деп Маликаны айтса болот.Мыкты үн,мыкты ыр.Алга,алга жана алга!!!!
10.07.2017. 17:14
 Mirelina
Орто
13.07.2017. 20:22
 femida86
Мага жакты таасирлуу
17.07.2017. 07:53
 ayva
Кыргызча романтикага балкыйт экенсин.зор. дагы да Алга умтул.
02.08.2017. 05:24
 Janus995
Маликадина ишине ийгилик..сенин ырларыыыз абдан жакшы Баардык ырларын ырдап угуудан,тажабаймын мимикаларын да башкача..ырларын укканымда жаным жай алып эс аләм. ..
02.08.2017. 20:50
 linara
Ушул кызда талант бар бирок эмгек жок да.. Татаал нотадагы ырларды да жепженил ырдайт. Бирок, ырчылыкты хобби катары алып журот деп ойлойм. Маликада Анжеликадагы амбиция жана аракет болгондо чыгармачылыкта жогорку денгээлге чыкмак.Маликага кайрылаарым, сендекиндей таланттуу генди Кудай ар кимге бере бербейт.Эгер ырчылыкты улантам десен чыгармачылыка олуттуу конул бур.Жаштык бат эле колдон учат.Орустар айтмакчы "счастье в труде".
05.08.2017. 17:25
 Zoluw86
Соонун голос!Апандын мээнетин текке кетирбей талыкпай иштесен болмок тытынып... унун соонун баардык ырларын жагат ....
07.08.2017. 18:23
 Amanov
Мага жакты
14.09.2017. 17:57
 DaniilDiana
уну аккан сууга окшош да. озу эле добушу чыга берет да. без усилий, напряжения. эмнени ырдаса дагы. айкырып кучонбой. аж мурашки. кыргызча жакшы тушунбойм создоруно, но произношение, ар бир тамганы ырдайт. прелесть
24.12.2017. 11:33
 mishonia8077
Молодец
30.11.2018. 11:00
 s.sweet
Соонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо